Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры № XXIV-4
Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү жөнүндө
Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кошумча кирешелерди жана бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн сумманы пайдалануу тартиби боюнча Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери женүндө 1998-жылдын 11-июнундагы №78, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» 2003-жылдын 25- сентябрындагы № 215 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ноокат шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаттын киреше жана чыгашысы 75.0 миң сом эсебинде бекитилсин.
2. Ноокат шаардык Кенешинин бюджетинин чыгаша бөлүгүн, 2011-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен Ноокат райондук кинофикациясынын капиталдык ремонтуна жардам берүү үчүн 75.0 миң сом чыгымдар үчүн каржылануу белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрайымы |
Б. Калдарова |