Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры № XXIV-5
У. Салиеванын 100 жылдык маарекесине карата Ноокат шаарынын сейил багынын киреберишин жана райондук тарыхый музейинин алдына брусчатка бастыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
У. Салиеванын 100 жылдык маарекесине карата Ноокат шаарынын сейил багынын киреберишин жана райондук тарыхый музейинин алдына брусчатка бастыруу үчүн Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 23 сентябырындагы № 1-10-698 катынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин 2010-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. У.Салиеванын 100 жылдык маарекесине карата Ноокат шаарынын сейил багынын киреберишин жана райондук тарыхый музейинин алдына брусчатка бастыруу үчүн Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 23 сентябырындагы № 1-10-698 катынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин 2010-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын шаардык кеңештин 2011-жылдын 16-июлундагы №-ХХ-3 токтомунда имарат куруу үчүн ажыратылган акча каражатынын эсебинен 200.0 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ноокат шаардык кеңешинин төрайымы |
Б. Калдарова |