Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № XXV-1
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрында №231 кабыл алынган салык кодексинин 327, 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1 жана 12/2 -беренелеринин негизинде 2012-жана кийинки жылдар үчүн шаар аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-1 "Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 кабыл алынган салык кодексинин 327, 339 -беренесинин 4 пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1 жана 12/2-беренелеринин негизинде 2012-жыл жана кийинки жылдар үчүн шаар аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-1 "Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр " коэффициентин кабыл алуу максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонуучу К-1 "Калктуу конуштарынын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффициенти 1 өлчөмүндө бекитилсин жана 2012-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
2. Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы "Мүлк салык" салууда К-2 зоналык коэффициенти 1-өлчөмүндө бекитилсин жана 2012-жылдын 1-январындан баштап колдонууга киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешининен суралсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайым |
Б. Калдарова
|