Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № XXV-2
Ноокат шаарынын сырткы чек-араларын аныктап-тактоо боюнча жүргүзүлгөн иштерди бекитип берүү жөнүндө
"Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ноокат шаарынын администравтивтик чек -арасын аныктап - тактоо боюнча жүргүзгөн иштерин карап чыгып Депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ноокат шаарынын администравтивтик чек - арасын аныктап - тактоо боюнча жүргүзгөн иштери жактырылсын жана шаардын чек - арасы жазылган акт боюнча бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайым |
Б. Калдарова
|