Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу №16/1
Айыл округунда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча айыл округунун башчсысы К. Атаканованын отчету
Бел айылдык округу Жаны-Ноокат жана Кок-Жар айыл округдары менен чектелип, жалпы аянты 187,0 кв метрди түзөт .Бүгүнкү күндө айыл округдун аймагында 2009 кожолук, 10692 адам жашап турат.
2001-жыл инвеститцияларды тартуу жылы экендиги баарыныздарга белгилүү 6-ай ичинде Бел айыл округунун Борбаш айылында учур талабына ылайык төрөт үйү ачылып, элге кызмат кылууда. Төрөт үйүндө 3-мээрбан эже, 1 электрик-сан техник, 2-санитарка, эмгектенишет. Баары болуп 6-адам жумуш менен камсыз болуп отурат. 4-кызматкер бюжеттен алып жатышса, 2 кызматкерге айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен айлык чыгарып бергенбиз.Ошону менен бирге Борбаш айылына 1 пилорама, 1 пластик эшик терезе чыгаруучу цех, Бел айылында 1 пилорама бүтүп, элге кызмат кылышууда. Жалпысынан айтканда 6-ай ичинде 18-адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болду. Жакында 1 жайкы кафе ишке кирет. Азыркы учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Элибиздин жашоо денгээлинин өскөндүгүн курулуп жаткан үйлөр далилдеп турат. Азыркы учурда 67 үй курулуп жатат. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы жылы салыктын бардык түрүнөн салык жыйноо жогорку денгеелде болду. 6-айлык план тапшырманы 174%ке аткарып, райондо 1-орунга ээ болдук. 2011-жылдын февраль айында « Балдардын эмгегин тамекиден четтетүү» долбоору менен биргеликте аз камсыз болгонүй бүлөлорго, 2010-жылы 78 үй бүлө 936,0 сомдук, ал эми 2011-жылы 55 үй бүлөнүн жашоо шартын иликтеп, комиссияга коюп комиссиянын жыйынтыгы менен ар бир үй-бүлөгө 15000 сомдон 825000 сомдук кредит берилди (проценти өтө аз өлчөмдө) ошону менен бирге 12 бала «Чын Караев» атындагы лагерге бекер путевка менен эс алууга жөнөтүлдү. АКТЕД уюму менен бирге эң жакшы иштеп келе жатабыз. Бул уюм тарабынан 550 үй бүлөнүн ар бирине 5-8 литр май 50-75 килограммдан ун берилди. Мамлекеттик резервден 509 үй-бүлөгө 50 килограмдан ун таркатылды.Келген жардамдардын жол киреси өкмөт тарабынан төлөнүп берилди. Жакынкы күндөрү инвалид жарандарыбызга 4 коляска алып келип берилди.
Айыл округунун женилдик алуучуларга кургак учук менен ооругандарга жол кире үчүн 10 ООО сом берилип, Бүгүнкү күнү бекер путевка менен эс алып жатышат. 12-июнь Бүткүл Дүйнөлүк Балдардын Эмгеги менен Курошуу күнүнө карата өткөрүлгөн окуучулар арасындагы спорттук оюнда Бел айыл округунан барган окуучулар 2 чи орунга ээ болуп баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
Улуу Ата Мекендик согушка барып келген аталарыбыздын саны жылдан жылга азайып, азыркы учурда үч ветераныбыз калды. 9-май Жениш күнүнө карата иш чара өткөрүлүп, ал иш чарага 3 ветераныбыз, жесир эжелерибиз тылдагы эмгекчилер, авганчы, баткенчи, чернобылчылар чакырылып, аларга сый тамак жагымдуу ырлар тартууланып, белектер берилди. Ошону менен бирге аялдардын эл аралык майрамына карата даты иш чаралар өткөрүлдү.
Айыл округунун аймагында 920 пенсионерлер. Алардын ичинен 250 адам банктан, 670 пенсионер почта аркылуу пенсияларын алышат. Азыркы күндө июль айынын пенсиялары, пособия алуучулар пособиясын алышты.
Бел айылдык округунун аймагында 3 орто мектеп жана 1 толук эмес орто мектеп бар.Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы орто мектепте 853 окуучу 59 мугалим, 21 тех персоналдар эмгектенишет. Жаш толук эмес орто мектебинде 152 окуучу, 18 мугалим, 6 тех персонал бар. Ал эми Борбаш айылынын Кеңеш орто мектебинде 790 окуучу, 51 мугалим,21 тех персоналдар Ой талаа орто мектебинде 365-окуучу, 31 мугалим , 10 тех персоналдар эмгектенишет. Азыркы учурда бардык мектептерибиздин абалы жакшы, учур талабына ылайык ашканалар жана эмеректер менен камсыз болушкан. Мектептер Бүгүнкү күндө жаны окуу жылына даяр. Республикалык бюджеттен ремонт иштери үчүн 208 600 сом, ал эми айыл округунан 100000 сом акча каражаты болунуп берилди. Жакында Г.Эргешов орто мектебинде учур талабына ылайык Мерсико менен бирге ажаткана курулууда. Аларга цементти алып берү жагын биздин айыл округунан жардам сурап жатышат..Эгерде сиздер макул болсонуздар ушул туалетке цемент алып берип өзүбүздүн салымыбызды кошсок кантет. Билим берүүдө биздин мектептерибиздин ийгилиги жакшы болду. Май айында өткөрүлгөн кароо сынакта Г.Эргешов атындагы «Белорук орто мектебибиздин спорт залы областа 1-орунга ээ болду. Ошондой эле республикалык тест те ушул эле мектептин окуучусу Турдалиева Кызжибек негизги тестен 206 балл топтоп, райондо биринчи орунга чыкты.Ошону менен бирге 1-окуучубуз география боюнча облустук олимпиадада 1-орунду ээлеп, республикада байгелүү орунга ээ болду. Окуучубузга 12000 сом Бишкекке барып келүү үчүн берилди. Ушундай эле ийгиликттер Кеңеш орто мектебинде болду. Көптөн бери чечилбей жаткан проблемалар чечилип, мектептин чатырын аягына чыгарышты. Окууучулардын эс алуучу жайын ондошту. Ой талаа, Жаш мектептеринде даты жакшы иштер болду. Баарын этап өтпөйүн. Ушул учурдан пайдаланып мектеп директорлорго чыгармачылык менен иш алып жакшы жүргүзүш үчүн 3 компютер, 1 нуска кочургуч алып келинди. Ушул убака чейин бизде 470 метр дренаж болсо даты Водхоздун балансасына өткөрүп, керектүү проект жазган кызматкерлерди, чакырып дренажды каздыруу үчүн проект даярдаттык 10-күн ушул жерде жашап проекти бүтүрүп, даярдап коюшту азыр акчанын тартыштыгынан токтоп турат, жакында кудай буйруса дренаждар кызмат Кунгой лөтөгу дагы октябрь айынан ремонт иши башталат.
Озүнүздөргө белгилүү 2010-жылы Борбаш айылында «Афра» Бел айылында Сыр мечити жогорку денгээлде курулуп берилсе, азыркы учурда Борбаш айылында Арши -Ала мечити демоорчулордун колдоосу менен кайрадан курулуп жатат. Мындан билсек болот жаштарыбыздын ыймандуулугун .Элибиздин ден-соолугуна кам коруп жаткан даарыгерлерибиздин майрамы дагы жогорку денгээлде өттү. Мындан бир нече жыл мурун беришип жаткан «Кенеш » орто мектебинин №19 Үй бүлөлук дарыгерлер тобунун жерлерин кайрадан кайтарып алууда жерлерди баалоо үчүн 5000 сомдон берилди. Маданият үйүнө келеек, сотко берип мүлккө берүү бөлүмүн буздурдук. Эми гос актыны бузуу үчүн аракет жасап жатабыз. Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүбүзгө ажатканасын жана комур сактоочу жай куру унун аракетин жасап жатабыз.
Айылдык округдун балансында турган мектептердин госактысын алып берүү жагын айтсак Жаш т. Э. о. мектебине госакт алынып берилген. Жана Г. Эргешов атындагы Белорук орто мектебине, Ойталаа орто мектебине ушул күндөрдө докуменнтерин даярдап буттук, эми алып беребиз.
Отчетту угуп жана талкуулап, Бел айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-жарым жылында аткарылган иштер боюнча айыл округунун башчысы К. Атаканованын отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл Округунун бюджетин толуктоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди туруктуу кармап калууга жетишүү менен салыктардын бардык туру боюнча план тапшырмаларды аткарууну камсыз кылуу айыл Округунун кызматкерлеринин негизги милдети болуп саналсын.
3. 2011-тушум жылында айыл чарба өсүмдүктөрүн сугат суусу менен камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерде орун алган кемчилдиктерди жоюу боюнча конкреттуу иш чараларды түзүп, Мүрөк суудан пайдалануучулардын башчысы Кыргызалиевге тиешелүү жаза колдонуу жагы айыл Округунун башчысы Атакановага жүктөлсүн.
4. Кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноону жогорку денгээлде уюштуруп, коромжусуз жыйноо айыл Округунун жер адиси тагаев менен айыл башчыларга милдеттендирилсин.
5. Кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижара акыларынын өз убагында төлөтүү менен анын салыктан, социалдык төлөм каражатттарынын салыктарын өз убагында төлөп анализ жасап бару ФЭБ башчысы Жарматовага тапшырылсын.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Минбаев
|