Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу №16/2
Бел айылдык кеңешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Бел айылдык кеңешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү, турак жайларды ажыратып берүү жөнүндөгү Бел айылдык кеңешинин III- чакырылышынын 2008-ж 28-майындагы № XV-2 токтому бекитилген комисссиянын курамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылдык кеңешинин жер аянгтарын менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу. жерди ижарага берүү боюнча комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. Каратаев Асилбек - комиссиянын торагасы , айылдык кенештин депутаты
2. Тагаев Кушбек - комиссиянын катчысы, айыл округдун жер адиси Мучолору
3. Мурзаев Дамир -айыл округунун башчысынын орун басары.
4. Пурканов Апсамат - Борбаш айылынын айыл башчысы
5. Худайбердиев Абдимитал -Ноокат райондук мамалекеттик каттонун адиси
6. Имаров Апсамат -айылдык кенештин депутаты.
7. Маматалиев Аскар -миграция боюнча адис.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл округунун башчысы К. Атаканова жүктөлсүн.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Минбаев
|