Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-ноябры № 18/1
Бел айыл Округунун аймагындагы айыл Чарба багытына арналбаган жер салыгын Эсептөөдө колдонулуучу К-1 'калктуу ко-Нуштардын экономикалык аймактык өз-Гөчөлүктөр" коэфицентин жана мүлккө Салууда К-2 зоналдык коэфицентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октярындагы № 23 кабыл алынган жаны салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-1 калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр коэфицентин жана салык Кодексинин 327-беренесинин 8-пунктуна ылайык айыл аймагындагы мүлккө салык салууда К-2 зоналдык коэфицентин кабыл алуу максатында депутаттардын Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылдык округунун аймагындагы айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр коэфиценти 0,8 эсебинде бекитилсин.
2. Бел айылдык округунун аймагында «Мүлккө салык» салуу К-2 зоналдык коэфиценти 0,5 эсебинде жана айыл округунун аймагындагы ишканалардан К-2 зоналдык коэфиценти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бел айыл округунун аймагындагы таштандыларды ташып чыгаруу жыйымынын ставкалары 50 сомдон, жеке тараптардан алынуучу жер салыгы 0,01 га жер аянтына 10 сомдон бекитилсин.
4. Аталган салыктар 2012-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин соода, бюджет жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Минбаев
|