Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июлу № XVI-1
Кыргыз-Ата айылдык округунун Кара-Кой бөлүмүндөгү тургундарына реформа учурунда турак-жай жайгашкан жана үлүш айдоо жерлери айылдык округ тарабынан берилип, азыркы күндө жердин балансы боюнча Ноокат токой чарбасында турган 68.20 га, Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында турган 2.37 га, жалпысы болуп 70.57 га жерди, тараптардын макулдашуусунун негизинде, айылдык округдун балансына өткөрүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун Кара-Кой бөлүмүндөгүтургундарына реформа учурунда турак-жай жайгашкан жана үлүш айдоо жерлери айылдык округ тарабынан берилип, азыркы күндө жердин балансы боюнча Ноокат токой чарбасында турган 68.20 га, Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында турган 2.37 га, жалпысы болуп 70.57 га жерди, тараптардын макулдашуусунун негизинде, айылдык округдун балансына өткөрүү суралсын.
2. Ноокат токой чарбасында турган 68.20 га, Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында турган 2.37 га, жалпысы болуп 70.57 га жерди айылдык округдун балансына өткөрүү боюнча документердк дарядап жогорку органдарга тапшыруу айылдык округдун жер адиси А. Аттоку ро в го та п ш ы ры л сы и.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Депуттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
4. Ушул токтомдун агкарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз-ата айылдык округдук кеңешинин "Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Таиров |