Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры № 23-8
Төөлөс айылдык округунун аймагындагы Герейтшорон орто мектебинин атын өзгɵртүү жөнүндɵ
Тɵөлөс айылдык округунун аймагындагы Герейтшорон айылынын Торутай бөлүмүндɵ туулган. Профессор агайыбыз Ирисов Пайзилда кɵптөгɵн мамлекеттик сыйлыктардын ээси 1966-жылы борбордогу Кыргыз улуттук илимдер академиясынын аспирантурасына кирип, анда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер милдетин аткарган.
Илимдер академиясында фольклор тармагында иштеп, айрыкча кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгына маани берип, республиканын бардык аймактарына барууга жетишип, элдик оозеки чыгармачылыгынын изилдɵɵ илимине зор салымын кошкон.
1968-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясында "Тɵкмɵ акындардын психологиялык ой жүгүртүүсү" деген тема боюнча I- даражадагы диплом менен сыйланган.
1971-жылы "Кыргыз айтыштарынын жанрдык ɵзгɵчɵлүктɵрү"-темасы боюнча диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты наамына ээ болот.
Ошол эле учурда Пайзилда Ирисовдун республиканын алдыңкы адабий-публицистикалык басмаларында бир топ макалалары, анын ичинде "Биздин ыр" аттуу документалдык публисцистикалык чыгармасы "Ала-Тоо" журналында жарык кɵрɵт.
Доцент Пайзилда Ирисов аталган факультетте отуз жыл эмгектенип 2007-жылы Ош мамлекеттик университетинин профессор наамына ээ болду.
ОшМУда эмгектенүү менен бирге, 2005-2008 жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясынын түштүк бɵлүмүнүн коомдук илимдер институтун жетектеп, анда директор болуп иштеди.
Окутуучулук менен бирге, Пайзилда Ирисов ИЛИМИЙ иштерин да токтотпой, ɵмүрүндɵ 100дөн ашык илимий макалалар жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн бир-нече окуу китептерин жараткан.
Пайзилда Ирисов 2010- жылы 10 сентябрда кайтыш болуп ɵзү туулуп ɵскɵн айылына коюлду. Агайыбыздын ысымын Герейтшорон айыл тургундарынын 2011-жылдын 12-апрелиндеги протоколунун негзинде Герейтшорон орто мектебине Профессор Ирисов Пайзилданин ысымын берүү жагын сунуштайбыз.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Тɵɵлɵс айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төөлɵс айылдык округунун аймагындагы Герейтшорон орто мектеби Ирисов Пайзилда атындагы Герейтшорон орто мектеби деп аталсын.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңешинин "Социалдык, маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм , жаштар, жана саламаттыкты сактоо боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешиництөрагасы: |
А.Эргешов |