Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № XXV-6
Ноокат Суу каналдар ишканасынын сууга жана суу түтүктөрүнө улануу тартиптерин бекитүү жөнүндө
Ноокат Суу каналдар ишканасынын сууга жана суу түтүктөрүнө улануу тартиптерин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат Суу каналдар ишканасынын сууга жана суу түтүктөрүнө улануу тартиптерин бекитүү жөнүндөгү ичимдик сууга болгон тарифтерди калк үчүн 8 сом 50 тыйын, жеке ишканаларга 12 сом 50 тыйын, бюджеттик ишканалрга 10 сом 00 тыйын, ал эми суу түтүктөргө улануу үчүн техникалык шарттарды даярдоого коюлган тарифтерди жөнөкөй калк үчүн 891 сом 00 тыйын, ишканаларга 1019 сом 00 тыйын, эгер тездетилгени болсо, калк үчүн 1703 сом 00 тыйын, ишканаларга 1946 сом 00 тыйын белгиленсин.
Суу түтүктөргө улануу кызматы болсо, 3235 сом 00 тыйын экендиги белгиленсин.
2. Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы Ноокат Суу каналдар ишканасынын сууга жана суу түтүктөрүнө улануу тартиптеринин ставкалары 2012-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайым |
Б. Калдарова
|