Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № XXV-7
Ноокат шаарына караштуу Калинин атындагы көчөсүнө Ноокат раионунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкон маркум Алимбаеа Сагынбек Бекмуратовичтик ысымын ыйгаруу жөнүндө
Мамлекеттик салык, кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын эмгек коллективинин жана кесиптик кошуундар уюмунун биргелешкен жалпы чогулушунун 2011-жылдын 24-октябрындагы, №35 жана Ноокат шаарынын аймагындагы Калинин атындагы көчөсүнүн жашоочуларыньш жалпы чогулушунун 2011-жылдын 21-сентябрындагы №1 поотоколдорун Ноокат шаарынын мэринин атына Ноокат шаарынын аймагындагы Калинин атындагы көчөсүнө Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн салык жана салык эмес жыйымдардьш эсебинен толтурууга үзүрлүү салымын кошкон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; тарабынан "Ардак Грамота" жана «Алкыштар», Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын "Ардак Грамотасына" жана башка сыйлыктар менен сыйланган. Райондогу ар кандай коомдук иштерге активдүү катышкан маркум Алимбаев Сагынбек Бекмуратовичтин атын коюуга жазган протоколодорун канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар" аттуу №159 Mыйзамынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык; кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын эмгек коллективинин жана кесиптик кошуундар уюмунун биргелешкен жалпы чогулушунун 2011-жылдын 24-октябрындагы №35 жана Ноокат шаарынын аймагындагы Калинин атындагы көчөсүнүн жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2011-жылдын 21-октябрындагы №1 протоколдору канааттандырылсын.
2. Ноокат шаарынын аймагындагы Калинин көчөсүнө Ноокаг райондук социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкон маркум Алимбаев Сагынбеков Бекмуратовичтин аты коюлсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, мадания, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайым |
Б. Калдарова
|