Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № XXV-8
2012-жылды Ноокат шаарында "Таза шаар" жылы деп жарыялоо жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясы 2012-жылды шаарыбызды республикадагы таза жана эң кооз шаардардын катарына кошуу менен Ноокат шаарында "Таза шаар" жылы деп жарыялоо сунушун колдоо максатында белгилүү коомдук ишмер И. Раззаков айткандай "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот"-деген накыл сөздөрүн жетекчиликке алып, шаарыбызды таза кармоо үчүн, шаарыбызга береке ыроолоп, улуттар ортосунда достук орноп, жерибизде тынчтык болот деген ишеничте үй-бүлөдөгү, мекеме-ишканалардагы, соода түйүндөрүндөгү тазалыкты сактоо максатында депутаттардын Ноокат райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясы 2012-жылды "Таза шаар" жылы деп жарыялоо жөнүндөгү 2011-жылдын 22-ноябрындагы №347 сунушу колдоого алынып, сунуш канааттандырылсын.
2. Шаардын аймагындагы ар бир көчөнүн, үй-бүлөнүн тазалыгына, бак-дарактарды отургузуп, жашылдандырууга, арыктарды тазалоого, көчөдөгү акыр-чикирлердин өз убагында алынышына көзөмөл жүргүзүү көчө комитеттерине милдеттендирилсин.
3. Шаардын аймагындагы социалдык обьектилердин, мекеме-ишканалардын айланасын таза кармоо менен имараттарды иреттөө, тышкы көрүнүштөрүн эстетикалык жактан жабдуу, көрнөктөрдү, кулактандырууларды, жарыяларды иреттүү илинишине көзөмөл жүргүзүү жооптуу адистерден талап кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, мадания, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайым |
Б. Калдарова
|