Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № XVI-2
Ноокат шаарынын стратегиялык жана экономикалык планынын 2010-жылда аткарылышы жөнүндөгү Ноокат шаар башкаруусунун башчысы М. Исмаиловдун билдирүүсү тууралуу
2010-жылда Ноокат шаар башкаруусу шаардын эли менен биргеликте Ноокат шаарынын стратегиялык-экономикалык өнүгүү планынын негизинде бир топ жумуштарды аткарууга жетишкен. Атап айтканда, Ноокат шаар башкаруусуна 2010-жылга бекитилген бюджетинин планы 35098,5 миң сом болсо, жыл ичинде такталган план 41042,3 миң сомду түзүп, аткарылганы 42005,1 миң сомду түзгөн, б.а. такталган планга карата 962,8 миң сомго ашыкча, же болбосо план 102,3 пайызга аткарылган. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин планы 19309,0 миң сом болсо, жыл ичинде такталганы 19893,5 миң сомду түзүп, аткарылганы 20850,3 миң сомду, же болбосо план 104,8 пайызга аткарылган.
Ошондой эле, Ноокат шаар башкаруусу 2010-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча эң жакшы деңгээлге жетип, билим берүү жана шаардын инфратармагын жакшыртуу боюнча бир топ долбоорлорду ийгиликтуу турмушка ашырууга жетишкен.
Ошол эле мезгилде, 2010-жылда аткаруусу пландаштырылган кээ бир жумуштар аткарылбай калган. Ноокат шаар башкаруусунун башчысы М. Исмаиловдун Ноокат шаарында 2010-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап, депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алып, Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарында 2010-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндөгү Ноокат шаар башкаруусунун башчысы М.Исмаиловдун билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ноокат шаарында 2011-жылда аткарылуучу иштерди аткарууда депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен иш аракеттерди жүргүзүү Ноокат шаар башкаруусунун башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялатдына, тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |