Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № XVI-3
Ноокат шаардык кеңешинин 2010-жылдагы такталган бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2010-жыл ичинде такталган бюджетин бекитүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылга Ноокат шаардык кеңешинин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча бюджета 35098,5 миң сом эсебинде бекитилген, жыл ичиндеги такталган бюджетке ылайык өзгөртүүлөрү менен 41042,3 миң.сом болуп бекитилсин.
2. Ноокат шаардык Кеңешинин бюджетинин чыгаша бөлүгүн, 2010-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын негизинде, ошону менен бирге биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак-аш жана социалдык женилдиктерге) каржылоо белгиленсин.
3. Шаардык Кеңешинин бюджетине Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттардын өлчөмдөрү 2010-жылда билим берүү тармагынын каржылоого жумшалгындыгы бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |