Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № XVI-5
Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2010-жылдын 14-декабрындагы №08-6 / 498 - каты жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2010-жылдын 14-декабрында Ноокат шаар башкаруусунун жана шаардык Кеңештин дарегине №08-6/498-каты келип түшкөн. Бул кат ошондой эле, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына, Ноокат районунун прокуроруна, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жана Ноокат жана Араван райондор аралык финансы полиция бөлүмдөрүнө дагы даректелген болуп, катта Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүнүн четтерине токтолулган автоунаалардан үзгүлтүксүз түрдө төлөмдөр белгисиз адамдар тарабынан чогултулуп жаткандыгы маалымдалган жана шаардык Кеңештин сессиясынан ушул төлөмдөрдү салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү Мыйзамдын талаптарына ылайык, жергиликтүү бюджетке чегерилүүсүн камсыздөө жагы сунушталган.
Бүгүнкү күндө Ноокат шаар башкаруусу тарабынан шаардагы Ленин жана Калинин атындагы көчөлөрдө Ноокат шаардык Кенешинин 2008-жылдын 19-сентябрындагы №ХХIII-4 жана 2010-жылдын 16-мартындагы №XI-12-токтомдоруна ылайык автопарковкалар уюштурулуп, автопарковка уюштуруучулары менен ижара келишимдери түзүлүп, ижара акылары төлөнүп келүүдө.
Ал эми, Ош жана Кызыл-кия көчөлөрүна автопарковка уюштуруу боюнча корутундуу берүүнү сурап шаар башкаруусу тарабынан райондук мамкаттоо, райондук архитектура жана шаар куруу башкармаларына, райондук ДЕП-37 ишканасына жана райондук МАИ бөлүмүнө каттар жөнөтүлгөндүгүн жана катта көрсөтүлгөн маселе кат даректелген укук коргоо органдары тарабынан текшерилип жаткандыгын эске алып, Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2010-жылдын 14-декабрындагы №08-6/498-каты боюнча Ноокат шаар башкаруусу тарабынан тиешелүү мекемелерге каттар жөнөтүлгөндүгү жана бүгүнкү күндө катта көрсөтүлгөн маселе кат даректелген укук коргоо органдары тарабынан текшерилип жаткандыгы эске алынсын.
Ош жана Кызыл-кия көчөлөрүна автопарковка уюштуруу тиешелүү мекемелердин корутундуларына ьшайык жүргүзүлсүн.
Ленин жана Калинин көчөлөрүндө уюштурулган автопарковка уюштуруучуларынан келишим шарттарынын толук аткарылышын талап кылуу Ноокат шаар башкаруусунун администрациясына тапшырылсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникащ|я7кичнГйшканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктууКомиссиясына. тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |