Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № XVI-6
Борбордук базардын түштүк-чыгыш тарабындагы шаар башкаруусуна караштуу 180 м.кв жер аянтына женил типтеги навес имаратын куруу жөнүндө
Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 2010-жылдын 10-июнундагы Б сериялуу 011085 номерлүү жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугуна карата мамлекеттик актына ылайык Ноокат шаар башкаруусунун муниципалдык менчигинде болгон борбордук базардын түштүк-чыгыш тарабындагы 240 м.кв жер аянтына базардын ичине курулган навестин үлгүсүндө женил типтеги навес имаратын куруу менен кошумча жумуш орундарын түзүү жөнүндөгү Ноокат шаар башкаруусунун демилгесине колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 14-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жергиликтуу өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбордук базардын түштүк-чыгыш тарабындагы Ноокат шаар башкаруусунун муниципалдык менчигиндеги 180 м.кв жер аянтына тиешелүү мекемелердин корутундуларына ылайык, базардын ичине курулган навестин үлгүсүндө ортодон базарга кирүүчү жолду калтыруу менен жеңил типтеги навес имаратын курууга уруксат берилсин.
2. Курулуучу навес имаратынын юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат шаар башкаруусунун администрациясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кенешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |