Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № XVI-8
Калинин көчөсүндөгү Авган согушунуи ардагерлеринин эстелигинин түштүк тарабындагы жер аянтын аукциондук жол менен сатуу жөнүндө
Ноокат шаар башкаруусунун бюджетине кошумча киреше киргизүү максатында Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 2010-жылдын 24-декабрындагы №49 жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын 2010-жьшдын 22-декабрындагы №104/10-корутундуларына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 14,29-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №5-токтомунун негизинде Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Калинин атындагы көчөсүндөгү Авган согушунун ардагерлерине арналып коюлган аскердик техника эстелигинин түштүк тарабындагы 132,0 м. кв. жер аянты ачык аукцион аркылуу жеке менчикке сатылсын.
2. Ачык аукцион өткөрүү үчүн керектелүүчү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жана "Ноокат Таңы" газетасына жарыя берүү Ноокат шаар башкаруусунун администрациясына тапшырьшсын.
3. Ушул токтом дун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кенешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык масел елер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырьшсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |