Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № XVI-9
Кызыл-кыя көчөсүндөгү "Чернобыль" балмуздак кафесинин жер аянтын жеке менчикке сатуу жөнүндө
Ноокат шаар башкаруусунун бюджетине кошумча киреше киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 14, 29-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №57-токтомунун негизинде Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Кызыл-кыя көчөсүндөгү "Чернобыль" балмуздак кафесинин 350,0 м. кв. жер аянты Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын корутундуларына ылайык жеке менчикке сатылсын.
2. Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан корутундуларды алуу жана керектелүүчү юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат шаар башкаруусунун администрациясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |