Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № XVI-10
Чачтарач"ишканасынын түштүк тарабындагы 30 м.кв жер аянтын түз сатуу жолу менен сатуу жөнүндө
Ноокат шаарынын Ош көчөсүндөгү ОсОО "Чачтарач" ишканасынын түштүк тарабындагы 30 м.кв жер аянты Ноокат шаар башкаруусунун 2009-жылдын 4-сентябрындагы №129- токтому менен атуул Мамасеит уулу Улукбекке конкурстук негизде ижарага берилип, шаар башкаруусу менен түзүлгөн 2009-жылдын 15-августундагы №4-ижара келишими боюнча ижара акысы толугу менен төлөнүп келинген. Мындан тышкары, атуул Мамасеит уулу Улукбектин жеке каражатынын эсебинен жеңил типтеги дүкөн курулуп, элге кызмат көрсөтүүдө, ошондой эле курулган дүкөндүн батыш тарабындагы тратуар өңдөлуп, брусчаткалар басылды жана гүлканалар курулуп берилди. Атуул Мамасеит уулу Улукбектин шаардын инфраструктурасын жакшыртууга кошкон 100,0 миң сомдук салымын эске алып, Ноокат шаар башкаруусунун бюджетине кошумча киреше киргизуу максатында Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 2011-жьшдын 19-январындагы №3 жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын 2011-жылдын 17-январындагы №03/11-корутундуларына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 14,29-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №57-токтомунун негизинде Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Ош көчөсүндөгү ОсОО "Чачтарач" ишканасынын түштүк тарабындагы 30 м.кв жер аянты түз сатуу жолу менен атуул Мамасейит уулу Улукбекке сатылсын.
2. Түз сатуу жолу менен сатылуучу жердин сатылуучу баасын аныктоо үчүн керектелүүчү юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат шаар башкаруусунун администрациясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |