Документке
Мурунку22.08.2020

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 18-октябры № 112

Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө

(КР 2003-жылдын 21-апрелиндеги № 85, 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 208, 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Преамбула КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-статья. Медициналык камсыздандыруу түшүнүгү

Медициналык камсыздандыруу - бул Кыргыз Республикасында сапаттуу медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөнү камсыз кылуучу социалдык жактан коргоо иш-чараларынын тутуму.

11-статья. Ушул Мыйзамдын предмети

Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болгон Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруунун укуктук, уюштуруучулук жана каржылоо негиздерин аныктайт.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Медициналык камсыздандыруунун түрлөрү

Медициналык камсыздандыруу төмөнкүдөй түрлөрдө жүзөгө ашырылат:

- базалык (базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу);

- милдеттүү (милдеттүү медициналык камсыздандыруу);

- ыктыярдуу (ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу).

(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

Медициналык камсыздандыруунун субъекттери - камсыздоочу, медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу орган, камсыздандыруучу, камсыздандырылган жак, тейлөөчү.

Камсыздоочу - медициналык камсыздандыруу боюнча төлөм берген жеке же юридикалык жак.

Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.

Милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу орган - медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуучу жана аларды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга өткөрүп берүүчү юридикалык жак.

Камсыздандыруучу - медициналык камсыздандыруу жагында камсыздандыруу ишин жүргүзүүчү юридикалык жак.

Камсыздандырылган жак - ал үчүн камсыздандыруучуга медициналык камсыздандыруу төлөмү келип түшкөн жак.

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы - жабдуучу-берүүчүлөр Камсыздандыруучу (Бирдиктүү төлөөчү) менен келишимдердин негизинде медициналык жана алдын алуучу кызматтарды көрсөтүүсүнүн, дары-дармек менен камсыздоосунун көлөмү жана шарттары.

Тейлөөчү - менчигинин түрүнө карабастан дарылоо-алдын алуу, фармацевтикалык мекеме же уюм же болбосо, жекече медициналык же фармацевтикалык тейлөө жүргүзгөн, мындай тейлөөнү жүргүзүүгө лицензиясы бар жана медициналык, алдын алуу, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоо, фармацевтикалык тейлөө көрсөткөн жак.

Медициналык, алдын алуу, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоо, фармацевтикалык тейлөө - медициналык жана алдын алуу жардамы, фармацевтикалык жактан камсыз кылуу.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы - медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимдин негизинде тейлөөчүлөр тарабынан медициналык жана алдын алуу тейлөөсүнүн дары-дармек менен камсыз кылуунун көлөмүн жана шартын аныктайт.

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу программасы - түзүлгөн келишимге ылайык камсыздандыруу уюмдары тарабынан жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынан тышкары медициналык алдын алуу жана башка тейлөөлөрдүн көлөмүн жана шарттарын аныктайт.

Медициналык камсыздандыруу төлөмдөрү - камсыздандыруучуга милдеттүү же ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу боюнча төгүлүүчү камсыздандыруу төлөмдөрү.

Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифи - камсыздандыруучуга төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү.

Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана каржылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруу функцияларын аткарууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы.

Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - бул саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары.

(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I-1 БӨЛҮМ БАЗАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ

(Бөлүм КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу түшүнүгү

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык минималдуу социалдык стандарттардын негизинде аныкталуучу, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун камсыз кылууга багытталган социалдык коргоонун мамлекеттик таризи.

32-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун максаты

Базалык мамлекеттик камсыздандыруунун максаты болуп Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Кыргыз Республикасында жарандарды сапаттуу медициналык жана алдын алуучу жардам менен кепилдик берүүсү саналат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

33-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун принциби

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун негизги принциби болуп Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык жана алдын алуу кызматтарына бирдей укуктарды берүү саналат.

34-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдик программасынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына берилет.

35-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун субъекттери

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун субъекттери төмөндөгүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын жарандары;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда чет өлкөлүк жарандар.

36-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасынын иш жүзүнө ашырылышы

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын иш жүзүнө ашырылышы базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн аймактык башкаруу органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

37-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын каржылоо

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

II БӨЛҮМ  МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ

4-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу түшүнүгү

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу - бул камсыздандыруу окуясы келип чыкканда, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын чектеринде камсыздандырылган адамга медициналык милдеттүү камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен медициналык жардам көрсөтүүнүн кепилдиктерин камсыз кылууга багытталган мамлекет тарабынан түзүлүүчү укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук чаралардын тутуму болгон социалдык коргоонун түрү.

1-Глава  Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги жоболору

5-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун максаттары жана милдеттери

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун максаты Кыргыз Республикасында камсыздандырылган жарандардын медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын чектеринде сапаттуу медициналык жана алдын алуу жардамдарын кепилдикке алуу жана камсыздоо болуп саналат.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун милдеттерине:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда медициналык жана алдын алуу тейлөөлөрүн дары-дармек менен камсыз кылууну каржылоону башкаруу;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда берилген медициналык, алдын алуу тейлөөлөрүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун сапатын башкаруу;

- калктын бардык катмарын медициналык милдеттүү камсыздандыруу менен жеткилең камтуу;

- камсыздандырылган жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу программалары боюнча медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөнү алганда алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;

- камсыздандырылган жарандарды убактылуу ишке жараксыздыгы, кош бойлуулугу жана бала төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул менен камсыз кылуу;

- медициналык милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү саламаттыкты сактоо секторундагы реформалар менен айкалыштыруу;

- социалдык чөйрөнү реформалоого үзгүлтүксүз мамиле кылууга негизделген мыйзамдык базаны түзүү кирет.

(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун принциптери

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптерине:

- бардык камсыздандырылган жарандар камсыздандырылган жактын социалдык статусуна жана төккөн төлөмдөрүнүн өлчөмүнө карабастан, медициналык милдеттүү камсыздандыруу базалык программанын көлөмүндө бирдей медициналык жана алдын алуу боюнча тейлөөсүнө укуктуу;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы өз ара мамилелер медициналык милдеттүү камсыздандыруу субъектеринин ортосундагы келишимдердин негизинде жөнгө салынат;

- төлөм төлөөчүлөрдүн алдында медициналык милдеттүү камсыздандыруунун бюджетинин аткарылышындагы маалымдуулук;

- камсыздандырылган жарандардын укуктук жактан корголушун камсыз кылуу кирет.

7-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги жана кошумча программасынан турат.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги программасы бирдиктүү төлөөчү тутумунда медицина-санитардык жардам менен Кыргыз Республикасында жарандарды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегинде төккөн төлөмдөрүнүн өлчөмүнө карабастан камсыздандырылган жарандарга акысыз же болбосо жеңилдетилген шарттарда көрсөтүлүүчү медициналык жана алдын алуу тейлөөлөрүнүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун көлөмүн жана шарттарын аныктайт.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун кошумча программасы камсыздандырылган жарандар акы төлөөгө катышкан медициналык, алдын алуу тейлөөлөрүнүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун, ден соолукту калыптандыруу жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларынын көлөмүн жана шарттарын аныктайт.

(Бөлүк КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-Глава Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун субъекттери

8-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга тийиштүү жактар

Төмөнкүлөр:

- эмгек келишимдеринин негизинде эмгектик мамиледе турган Кыргыз Республикасынын жарандары;

- пенсионерлер;

- калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик органдарында катталган жумушсуздар;

- башка шарттарда эмгектик иш аткарган (жеке ишкерлер, өз алдынча иш жүргүзгөндөр, жеке тажрыйбаны аркалагандар, чыгармачыл кызматкерлер) Кыргыз Республикасынын жарандары, медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөм төлөгөн шартта;

- социалдык жөлөкпул алган жактар;

- аскер кызматчысы жана аларга теңештирилген адамдар;

- он алтыга толо элек балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин, бирок алар он сегизге толгонго чейин гана);

- баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери алар жыйырма бир жашка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдөн окугандардан башка);

- Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу турган же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар (алар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөгөн же Медициналык милдеттүү камсыздандыруу полиси бар болгон учурда);

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар (алар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөгөн же Медициналык милдеттүү камсыздандыруу полиси бар болгон учурда);

- жарандардын башка катмарлары медициналык милдеттүү камсыздандырууга алынат.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумуна камтылбаган жактар медициналык, алдын алуу, ден соолукту калыптандыруу жана ден соолукту чыңдоочу тейлөөлөр үчүн чыгымдарды өздөрү төлөшөт.

(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөөчүлөр

Медициналык милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр саналат:

- уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү);

- юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбалары;

- жеке ишкерлер жана жеке жактар.

Иштеген жарандар үчүн медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр камсыздандыруучу тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган катышта жана өлчөмдөрдө төлөнөт.

Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү катышта жана өлчөмдөрдө жылына 1,5 эсептик көрсөткүчтөрдөн кем эмес төлөнөт:

- калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар үчүн;

- пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери үчүн;

- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана социалдык жөлөкпул алуучулар үчүн;

- он алты жашка чейинки балдар үчүн (жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучулары үчүн - алар окуунун бүткөнгө чейин, бирок алар он сегиз жашка толгонго чейин гана), баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери үчүн алар жыйырма бир жашка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдөн окугандардан сырткары);

- мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, анын ичинде контракт боюнча аскер кызматын өтөгөндөр үчүн (офицердик курам, прапорщиктер, солдаттар, сержанттар жана старшиналар курамы).

Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу турган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар үчүн төлөмдөр, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучу же чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар тарабынан өз алдынча төлөнөт.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутуму менен камтылбаган адамдар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү медициналык милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен төлөөгө укуктуу.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу полисинин наркын эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик ишти жүргүзгөн жактар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрү өз алдынча, анын ичинде накталай эмес формада төлөшөт.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууга ыйгарым укугу бар орган

Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууга жана аларды базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө ыйгарым укугу бар орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдар

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

12-статья. Тейлөөчүлөр

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөр өз ишин медициналык милдеттүү камсыздандыруунун субъекттери менен келишимдердин негизинде жүргүзөт.

3-Глава  Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунун субъекттеринин укуктары жана милдеттери

13-статья. Камсыздандырылган жактардын укуктары жана милдеттери

Камсыздандырылган жактар:

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн дарылоо-алдын алуу мекемелеринде медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы боюнча медициналык, алдын алуу, ден соолукту калыптандыруу жана ден соолукту чыңдоо боюнча тейлөөгө;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр жөнүндө камсыздандыруучудан маалымат алууга;

- медициналык мекемеде врачты эркин тандап алууга;

- камсыздандырылган жак көрсөтүлгөн медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөлөрдүн сапатына канааттанбаса, камсыздандыруучуга кайрылууга;

- тейлөөчүнүн күнөөсү боюнча ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтуртууга;

- камсыздоочу тарабынан медициналык милдеттүү камсыздандырууну сот тартибинде талап кылууга;

- өз укуктарын сот аркылуу коргоого укуктуу.

Камсыздандырылган жактар:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын алкагында медициналык жардам үчүн кайрылганда медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча медициналык жана алдын алуучу тейлөөнүн укугун ырастоочу документти көрсөтүүгө;

- камсыздандыруу документтеринин сакталышына камкордук көрүүгө жана башка адамдардын медициналык кызматтан пайдаланышы үчүн аны башка адамдарга бербөөгө милдеттүү.

14-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери

Камсыздоочу:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө камсыздандыруучудан маалымат алууга;

- медициналык милдеттүү камсыздандырууга алынуучу бардык адамдар үчүн медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөөгө;

- кызматкердин ден соолугуна таасир тийгизүүчү жагымсыз факторлорду жоюу, алардын өндүрүштүк ишинин шартын жакшыртуу, өндүрүштүк мертинүү жана кесиптик ооруларды жокко чыгаруу боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

15-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмүн чогултууга ыйгарым укугу бар органдын укуктары жана милдеттери

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча бардык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдөн медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмүнүн түшүшүн контролдоого укуктуу.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган:

- медициналык милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууну жүзөгө ашырууга;

- чогулган төлөмдөрдү медициналык милдеттүү камсыздандырууга өз убагында толук көлөмүндө өткөрүп берүүгө;

- бардык деңгээлдерде медициналык милдеттүү камсыздандырууга келип түшкөн төлөмдөр жөнүндө маалыматтын ачыктыгын жана аныктыгын камсыз кылууга милдеттүү.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга укуксуз.

16-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери

Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык жактан тейлөөчүлөр:

- "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алар лицензиялоодон жана аккредитациядан өткөндөн кийин медициналык, алдын алуу жана фармацевтик кызмат көрсөтүүгө;

- базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык органдары менен медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишим түзүүгө;

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөр:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасын аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык жактан тейлөөгө;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга милдеттүү.

(КР 2003-жылдын 21-апрелиндеги № 85, 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-Глава Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрү

17-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр

Камсыздандыруу төлөмдөрү медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан чогултулат жана базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын эсебине топтоо жана өз убагында берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которулат.

Жарандарды медициналык милдеттүү камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. Медициналык милдетүү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жыл сайын медициналык милдеттүү камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоо кеңеши тарабынан каралат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.

19-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөө

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү медициналык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте төлөнөт.

(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-Глава Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы келишимдер

(Главанын аталышы КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруунун субъекттеринин өз ара мамилелери

Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумундагы өз ара мамилелер келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт.

Келишимди түзүүдө камсыздандыруучу өзү иштеп чыккан келишимдин стандарттык формасын колдонууга укуктуу.

21-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимдердин шарттары

Келишим түзүлүп жаткан шарттар келишимдин өзүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруучу жактырган же бекиткен тиешелүү түрдөгү камсыздандыруунун стандарттык эрежелеринде аныкталышы мүмкүн.

Камсыздандыруунун эрежелеринде камтылган жана камсыздандыруу келишимине киргизилбеген шарттарды камсыздандыруучу, камсыздоочу жана камсыздандырылган жак аткарууга милдеттүү.

6-Глава Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандырууну каржылоо

22-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу каражаттары

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандырууну каржылоо базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетинен Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетинин курамына кирген каражаттар мамлекеттик менчик болуп саналат, башка бюджеттердин жана фонддордун курамына кирбейт.

III БӨЛҮМ  МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТУТУМУН БАШКАРУУ

23-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумун башкаруу органдары

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумун башкаруунун жогорку органы болуп Байкоо жүргүзүүчү кеңеш саналат, ал бардык таламдаш министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдүн, тейлөөчүлөрдүн, коомдук уюмдардын өкүлчүлүктүк принциби боюнча түзүлөт.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунун аткаруучу органы болуп базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкаруу органдары саналат.

24-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумун башкаруунун Байкоо жүргүзүүчү кеңеши

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумун башкаруунун Байкоо жүргүзүүчү кеңеши (мындан ары - Байкоо жүргүзүүчү кеңеш):

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу саясатын аныктайт;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунун катышуучуларын жыл сайын каржылык аудиттен өткөрүүгө сунуштарды берет;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифи жана бюджети боюнча сунуштарды карайт жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитүүгө киргизет.

Байкоо жүргүзүүчү кеңештин ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте белгиленет.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылат.

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган өзүнүн аймактык башкаруу opгандарын түзүүгө жана алар аркылуу тиешелүү аймакта жарандарды базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетинин каражаттарынын эсебинен камсыздалат.

26-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык башкаруу органдары

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык башкаруу органдары базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан аймактык принцип боюнча түзүлөт.

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык башкаруу органдары:

- базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан аларга өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды (функцияларды) жүзөгө ашырат;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу каражаттарынын максатка ылайык жана сарамжалдуу пайдаланылышына, аткарылуучу медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык тейлөөлөрдүн сапатына контролдук кылат;

- келишимдик милдеттенмелерди талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн тейлөөчүлөргө белгиленген тартипте каржылык жана жазапул санкцияларын салат.

27-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын укуктары

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкаруу органдары:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишим түзүү үчүн тейлөөчүнү тандоого;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасын аткаруу үчүн зарыл төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда иштеген тейлөөчүлөрдүн медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын максатка ылайык жана сарамжалдуу пайдаланышы үчүн чара көрүүгө;

- каражаттарды саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө, базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын ишин илимий негизде оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө жумшоого, калктын ден соолугун чыңдоо жана ооруунун алдын алуу максатында саламаттыкты сактоонун максаттуу программаларын каржылоого катышууга;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу орган берген маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө контролдук кылууга;

- медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдарынын ишине контролдук кылууга укуктуу.

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 25-статьясында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын (иш-милдеттерин) өзүнүн аймактык башкаруу органдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.

(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV БӨЛҮМ  МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТУТУМУНДАГЫ СУБЪЕКТТЕРДИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

28-статья. Камсыздандыруу төлөмдөрүн туура эмес эсептөө, өз убагында төлөбөө жана которбоо үчүн камсыздоочулардын жоопкерчилиги

Камсыздоочулар төлөмдөрдүн туура эмес эсептелиши, өз убагында төлөнбөгөндүгү жана которулбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берет.

29-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын жоопкерчилиги

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу субъекттеринин алдындагы жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу органдын жоопкерчилиги

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган медициналык милдеттүү камсыздандырууга чогултулган каражаттар базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетине өз убагында жана толугу менен которулбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

301-статья. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчилиги

Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетине республикалык бюджеттен өз убагында эмес жана толук эмес каржылоо үчүн жоопкерчилик тартат.

31-статья. Тейлөөчүлөрдүн жоопкерчилиги

Медициналык, алдын алуу, фармацевтикалык, ден соолукту оңдоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын көлөмүнө жана шарттарына ылайык келбеген тейлөөсү үчүн тейлөөчүнүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана кели-

шимдин шарттары менен аныкталат.

(2003-жылдын 15-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V БӨЛҮМ  МЕДИЦИНАЛЫК ЫКТЫЯРДУУ КАМСЫЗДАНДЫРУУ

32-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу түшүнүгү

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу - бул Кыргыз Республикасында жарандардын ыктыярдуу катышуу принциптерине негизделген жарандарды социалдык жактан коргоонун формасы.

Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүү укугу берилет. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу жамааттык же жекече болушу мүмкүн.

33-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандырууну уюштуруу

Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык ыктыярдуу камсыздандырууну медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары жүзөгө ашырат. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары көз карандысыз, өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект болуп саналат.

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу фонддорунун каражаттары медициналык камсыздандыруу келишимдеринин чектеринде медициналык тейлөөлөрдү жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча башка тейлөөлөрдү каржылоого багытталат. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун пайдаланылбаган каражаттарынын кайтарылышы тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму камсыздоочулардын медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрүнүн түшүшүнө контролдук кылат, тейлөөчүлөр менен келишимдик мамилелердин чектеринде медициналык жана башка тейлөөлөрдүн сапатына контролдук кылат.

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму тейлөөчүнү эркин тандоого укуктуу.

34-статья. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу жүргүзүүгө болгон укук

Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу уюму "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген тартипте тиешелүү лицензия алгандан кийин ыктыярдуу медициналык камсыздандырууга жүргүзүүгө укуктуу.

(КР 2003-жылдын 21-апрелиндеги № 85, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

35-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу программалары

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу программалары медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары тарабынан иштелип чыгат жана аларда ден соолукту сактоого жана чыңдоого багытталган медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөлөр каралууга тийиш.

36-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруудагы медициналык жана алдын алуу боюнча тейлөө тарифтери

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруудагы медициналык жана алдын алуу боюнча тейлөөгө тарифтер камсыздандыруучу менен медициналык тейлөөчүлөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча белгиленет.

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү, ошондой эле төлөмдөрдү төлөө тартиби камсыздоочу менен медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмунун ортосундагы келишимдин шарттары менен аныкталат.

37-статья. Медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруунун камсыздандыруу төлөмдөрү катары түшкөн каражаттар медициналык ыктыярдуу камсыздандыруунун камсыздандыруу фондун түзөт. Бул фонддун тескөөчүсү болуп медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму саналат.

38-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруудагы тараптардын жоопкерчилиги

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу тутумунда тараптардын жоопкерчилиги келишимдердин шарттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

VI БӨЛҮМ  КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

39-статья. Медициналык камсыздандыруу тутумундагы талаш-тартыштарды чечүү

Медициналык камсыздандыруу тутумундагы талаш-тартыштар тараптардын тынышуусу менен чечилет.

Эгерде тараптар тыныша албаса, анда талаш -тартыш сот тартибинде чечилет.

40-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын жоболорунун бузулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизиндеги жоопкерчиликке алып келет.

41-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

Ушул Мыйзамдын - 2000-жылдын 9-статьясынын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле турган, биринчи, үчүнчү жана алтынчы бөлүктөрүнөн жана 5-статьясынын 2001-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле турган экинчи бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарынан башкалары жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр:

- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" 1992-жылдын 3-июлундагы № 948-XII Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 3-июлундагы № 949-XII токтому;

- "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 26-сентябрындагы № 27-1 Мыйзамынын 1 бөлүмүнүн 5-пункту;

- "Кыргыз Республикасында граждандарды медициналык жактан камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 1, 13-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

А. Акаев

1999-жылы 21-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

Жаңы29.03.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 18-октябры № 112

Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 21-апрелиндеги № 85, 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 208, 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2023-жылдын 29-мартындагы № 72 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Преамбула Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-статья. Медициналык камсыздандыруу түшүнүгү

Медициналык камсыздандыруу - бул Кыргыз Республикасында сапаттуу медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөнү камсыз кылуучу социалдык жактан коргоо иш-чараларынын тутуму.

11-статья. Ушул Мыйзамдын предмети

Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болгон Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруунун укуктук, уюштуруучулук жана каржылоо негиздерин аныктайт.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Медициналык камсыздандыруунун түрлөрү

Медициналык камсыздандыруу төмөнкүдөй түрлөрдө жүзөгө ашырылат:

- базалык (базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу);

- милдеттүү (милдеттүү медициналык камсыздандыруу);

- ыктыярдуу (ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу).

(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

Медициналык камсыздандыруунун субъекттери - камсыздоочу, медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу орган, камсыздандыруучу, камсыздандырылган жак, тейлөөчү.

Камсыздоочу - медициналык камсыздандыруу боюнча төлөм берген жеке же юридикалык жак.

Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.

Милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу орган - медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуучу жана аларды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга өткөрүп берүүчү юридикалык жак.

Камсыздандыруучу - медициналык камсыздандыруу жагында камсыздандыруу ишин жүргүзүүчү юридикалык жак.

Камсыздандырылган жак - ал үчүн камсыздандыруучуга медициналык камсыздандыруу төлөмү келип түшкөн жак.

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы - жабдуучу-берүүчүлөр Камсыздандыруучу (Бирдиктүү төлөөчү) менен келишимдердин негизинде медициналык жана алдын алуучу кызматтарды көрсөтүүсүнүн, дары-дармек менен камсыздоосунун көлөмү жана шарттары.

Тейлөөчү - менчигинин түрүнө карабастан дарылоо-алдын алуу, фармацевтикалык мекеме же уюм же болбосо, жекече медициналык же фармацевтикалык тейлөө жүргүзгөн, мындай тейлөөнү жүргүзүүгө лицензиясы бар жана медициналык, алдын алуу, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоо, фармацевтикалык тейлөө көрсөткөн жак.

Медициналык, алдын алуу, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоо, фармацевтикалык тейлөө - медициналык жана алдын алуу жардамы, фармацевтикалык жактан камсыз кылуу.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы - медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимдин негизинде тейлөөчүлөр тарабынан медициналык жана алдын алуу тейлөөсүнүн дары-дармек менен камсыз кылуунун көлөмүн жана шартын аныктайт.

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу программасы - түзүлгөн келишимге ылайык камсыздандыруу уюмдары тарабынан жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынан тышкары медициналык алдын алуу жана башка тейлөөлөрдүн көлөмүн жана шарттарын аныктайт.

Медициналык камсыздандыруу төлөмдөрү - камсыздандыруучуга милдеттүү же ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу боюнча төгүлүүчү камсыздандыруу төлөмдөрү.

Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифи - камсыздандыруучуга төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү.

Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана каржылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруу функцияларын аткарууга Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы.

Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - бул саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары.

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2023-жылдын 29-мартындагы № 72 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I-1 БӨЛҮМ БАЗАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ

(Бөлүм КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу түшүнүгү

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык минималдуу социалдык стандарттардын негизинде аныкталуучу, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун камсыз кылууга багытталган социалдык коргоонун мамлекеттик таризи.

32-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун максаты

Базалык мамлекеттик камсыздандыруунун максаты болуп Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Кыргыз Республикасында жарандарды сапаттуу медициналык жана алдын алуучу жардам менен кепилдик берүүсү саналат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

33-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун принциби

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун негизги принциби болуп Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык жана алдын алуу кызматтарына бирдей укуктарды берүү саналат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдик программасынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына берилет.

35-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун субъекттери

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун субъекттери төмөндөгүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын жарандары;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда чет өлкөлүк жарандар.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

36-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасынын иш жүзүнө ашырылышы

Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын иш жүзүнө ашырылышы базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн аймактык башкаруу органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын каржылоо

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

II БӨЛҮМ  МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ

4-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу түшүнүгү

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу - бул камсыздандыруу окуясы келип чыкканда, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын чектеринде камсыздандырылган адамга медициналык милдеттүү камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен медициналык жардам көрсөтүүнүн кепилдиктерин камсыз кылууга багытталган мамлекет тарабынан түзүлүүчү укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук чаралардын тутуму болгон социалдык коргоонун түрү.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-Глава  Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги жоболору

5-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун максаттары жана милдеттери

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун максаты Кыргыз Республикасында камсыздандырылган жарандардын медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын чектеринде сапаттуу медициналык жана алдын алуу жардамдарын кепилдикке алуу жана камсыздоо болуп саналат.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун милдеттерине:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда медициналык жана алдын алуу тейлөөлөрүн дары-дармек менен камсыз кылууну каржылоону башкаруу;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда берилген медициналык, алдын алуу тейлөөлөрүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун сапатын башкаруу;

- калктын бардык катмарын медициналык милдеттүү камсыздандыруу менен жеткилең камтуу;

- камсыздандырылган жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу программалары боюнча медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөнү алганда алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;

- камсыздандырылган жарандарды убактылуу ишке жараксыздыгы, кош бойлуулугу жана бала төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул менен камсыз кылуу;

- медициналык милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү саламаттыкты сактоо секторундагы реформалар менен айкалыштыруу;

- социалдык чөйрөнү реформалоого үзгүлтүксүз мамиле кылууга негизделген мыйзамдык базаны түзүү кирет.

(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун принциптери

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптерине:

- бардык камсыздандырылган жарандар камсыздандырылган жактын социалдык статусуна жана төккөн төлөмдөрүнүн өлчөмүнө карабастан, медициналык милдеттүү камсыздандыруу базалык программанын көлөмүндө бирдей медициналык жана алдын алуу боюнча тейлөөсүнө укуктуу;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы өз ара мамилелер медициналык милдеттүү камсыздандыруу субъектеринин ортосундагы келишимдердин негизинде жөнгө салынат;

- төлөм төлөөчүлөрдүн алдында медициналык милдеттүү камсыздандыруунун бюджетинин аткарылышындагы маалымдуулук;

- камсыздандырылган жарандардын укуктук жактан корголушун камсыз кылуу кирет.

7-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги жана кошумча программасынан турат.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги программасы бирдиктүү төлөөчү тутумунда медицина-санитардык жардам менен Кыргыз Республикасында жарандарды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегинде төккөн төлөмдөрүнүн өлчөмүнө карабастан камсыздандырылган жарандарга акысыз же болбосо жеңилдетилген шарттарда көрсөтүлүүчү медициналык жана алдын алуу тейлөөлөрүнүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун көлөмүн жана шарттарын аныктайт.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун кошумча программасы камсыздандырылган жарандар акы төлөөгө катышкан медициналык, алдын алуу тейлөөлөрүнүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун, ден соолукту калыптандыруу жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларынын көлөмүн жана шарттарын аныктайт.

(Бөлүк КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-Глава Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун субъекттери

8-статья. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш болгон жактар

Төмөнкүлөр милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш:

- Кыргыз Республикасынын жарандары;

- башка адамдар: Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан жана иштеп жаткан чет өлкөлүк адамдар; жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар; кайрылмандар.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар медициналык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрүн өз алдынча төлөйт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун эрежелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөөчүлөр

Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Кыргыз Республикасынын жарандары;

- уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү);

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жактар.

Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөрү, кызматкерлери жана жарандары тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган катышта жана өлчөмдөрдө төлөнөт.

Жарандардын төмөнкүдөй категориялары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген катышта жана өлчөмдөрдө, бирок жылына 1,5 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө төлөнөт:

- калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар;

- пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери;

- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана социалдык жөлөкпул алуучулар;

- он алты жаш куракка толгонго чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын жана медреселердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин, бирок алар он сегиз жаш куракка толгондон ашык эмес), баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери - алар жыйырма бир жаш куракка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандарды кошпогондо);

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка органдарында кызмат өтөп жаткан адамдар;

- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ынайын күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар үчүн, ошондой эле жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар үчүн төгүмдөрдү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучу же чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар өз алдынча төлөйт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин, анын ичинде накталай эмес формада сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөйт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укукту жана камсыздандырылган деген статусту берет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркын эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууга ыйгарым укугу бар орган

Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууга жана аларды базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө ыйгарым укугу бар орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдар

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Тейлөөчүлөр

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөр өз ишин медициналык милдеттүү камсыздандыруунун субъекттери менен келишимдердин негизинде жүргүзөт.

3-Глава  Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунун субъекттеринин укуктары жана милдеттери

13-статья. Камсыздандырылган жактардын укуктары жана милдеттери

Камсыздандырылган жактар:

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн дарылоо-алдын алуу мекемелеринде медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы боюнча медициналык, алдын алуу, ден соолукту калыптандыруу жана ден соолукту чыңдоо боюнча тейлөөгө;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр жөнүндө камсыздандыруучудан маалымат алууга;

- медициналык мекемеде врачты эркин тандап алууга;

- камсыздандырылган жак көрсөтүлгөн медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөлөрдүн сапатына канааттанбаса, камсыздандыруучуга кайрылууга;

- тейлөөчүнүн күнөөсү боюнча ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтуртууга;

- камсыздоочу тарабынан медициналык милдеттүү камсыздандырууну сот тартибинде талап кылууга;

- өз укуктарын сот аркылуу коргоого укуктуу.

Камсыздандырылган жактар:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын алкагында медициналык жардам үчүн кайрылганда медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча медициналык жана алдын алуучу тейлөөнүн укугун ырастоочу документти көрсөтүүгө;

- камсыздандыруу документтеринин сакталышына камкордук көрүүгө жана башка адамдардын медициналык кызматтан пайдаланышы үчүн аны башка адамдарга бербөөгө милдеттүү.

14-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери

Камсыздоочу:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө камсыздандыруучудан маалымат алууга;

- өз укуктарын сот аркылуу коргоого укуктуу.

Камсыздоочу:

- медициналык милдеттүү камсыздандырууга алынуучу бардык адамдар үчүн медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөөгө;

- кызматкердин ден соолугуна таасир тийгизүүчү жагымсыз факторлорду жоюу, алардын өндүрүштүк ишинин шартын жакшыртуу, өндүрүштүк мертинүү жана кесиптик ооруларды жокко чыгаруу боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

15-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмүн чогултууга ыйгарым укугу бар органдын укуктары жана милдеттери

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча бардык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдөн медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмүнүн түшүшүн контролдоого укуктуу.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган:

- медициналык милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууну жүзөгө ашырууга;

- чогулган төлөмдөрдү медициналык милдеттүү камсыздандырууга өз убагында толук көлөмүндө өткөрүп берүүгө;

- бардык деңгээлдерде медициналык милдеттүү камсыздандырууга келип түшкөн төлөмдөр жөнүндө маалыматтын ачыктыгын жана аныктыгын камсыз кылууга милдеттүү.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга укуксуз.

16-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери

Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык жактан тейлөөчүлөр:

- "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алар лицензиялоодон жана аккредитациядан өткөндөн кийин медициналык, алдын алуу жана фармацевтик кызмат көрсөтүүгө;

- базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык органдары менен медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишим түзүүгө;

- өз укуктарын сот аркылуу коргоого укуктуу.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөр:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасын аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык жактан тейлөөгө;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга милдеттүү.

(КР 2003-жылдын 21-апрелиндеги № 85, 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-Глава Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрү

17-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр

Камсыздандыруу төлөмдөрү медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан чогултулат жана базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын эсебине топтоо жана өз убагында берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которулат.

Жарандарды медициналык милдеттүү камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2023-жылдын 29-мартындагы № 72 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Медициналык милдетүү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жыл сайын медициналык милдеттүү камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоо кеңеши тарабынан каралат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.

19-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөө

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү медициналык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте төлөнөт.

(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-Глава Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы келишимдер

(Главанын аталышы КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруунун субъекттеринин өз ара мамилелери

Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумундагы өз ара мамилелер келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт.

Келишимди түзүүдө камсыздандыруучу өзү иштеп чыккан келишимдин стандарттык формасын колдонууга укуктуу.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимдердин шарттары

Келишим түзүлүп жаткан шарттар келишимдин өзүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруучу жактырган же бекиткен тиешелүү түрдөгү камсыздандыруунун стандарттык эрежелеринде аныкталышы мүмкүн.

Камсыздандыруунун эрежелеринде камтылган жана камсыздандыруу келишимине киргизилбеген шарттарды камсыздандыруучу, камсыздоочу жана камсыздандырылган жак аткарууга милдеттүү.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-Глава Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандырууну каржылоо

(Главанын аталышы КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу каражаттары

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандырууну каржылоо базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетинен Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетинин курамына кирген каражаттар мамлекеттик менчик болуп саналат, башка бюджеттердин жана фонддордун курамына кирбейт.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III БӨЛҮМ  МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТУТУМУН БАШКАРУУ

23-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумун башкаруу органдары

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумун башкаруунун жогорку органы болуп Байкоо жүргүзүүчү кеңеш саналат, ал бардык таламдаш министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдүн, тейлөөчүлөрдүн, коомдук уюмдардын өкүлчүлүктүк принциби боюнча түзүлөт.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунун аткаруучу органы болуп базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкаруу органдары саналат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумун башкаруунун Байкоо жүргүзүүчү кеңеши

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумун башкаруунун Байкоо жүргүзүүчү кеңеши (мындан ары - Байкоо жүргүзүүчү кеңеш):

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу саясатын аныктайт;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунун катышуучуларын жыл сайын каржылык аудиттен өткөрүүгө сунуштарды берет;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифи жана бюджети боюнча сунуштарды карайт жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитүүгө киргизет.

Байкоо жүргүзүүчү кеңештин ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2023-жылдын 29-мартындагы № 72 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

25-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылат.

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган өзүнүн аймактык башкаруу opгандарын түзүүгө жана алар аркылуу тиешелүү аймакта жарандарды базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетинин каражаттарынын эсебинен камсыздалат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык башкаруу органдары

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык башкаруу органдары базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан аймактык принцип боюнча түзүлөт.

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык башкаруу органдары:

- базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан аларга өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды (функцияларды) жүзөгө ашырат;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу каражаттарынын максатка ылайык жана сарамжалдуу пайдаланылышына, аткарылуучу медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык тейлөөлөрдүн сапатына контролдук кылат;

- келишимдик милдеттенмелерди талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн тейлөөчүлөргө белгиленген тартипте каржылык жана жазапул санкцияларын салат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын укуктары

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкаруу органдары:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишим түзүү үчүн тейлөөчүнү тандоого;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасын аткаруу үчүн зарыл төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда иштеген тейлөөчүлөрдүн медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын максатка ылайык жана сарамжалдуу пайдаланышы үчүн чара көрүүгө;

- каражаттарды саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө, базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын ишин илимий негизде оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө жумшоого, калктын ден соолугун чыңдоо жана ооруунун алдын алуу максатында саламаттыкты сактоонун максаттуу программаларын каржылоого катышууга;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу орган берген маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө контролдук кылууга;

- медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдарынын ишине контролдук кылууга укуктуу.

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 25-статьясында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын (иш-милдеттерин) өзүнүн аймактык башкаруу органдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2023-жылдын 29-мартындагы № 72 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV БӨЛҮМ  МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТУТУМУНДАГЫ СУБЪЕКТТЕРДИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

28-статья. Камсыздандыруу төлөмдөрүн туура эмес эсептөө, өз убагында төлөбөө жана которбоо үчүн камсыздоочулардын жоопкерчилиги

Камсыздоочулар төлөмдөрдүн туура эмес эсептелиши, өз убагында төлөнбөгөндүгү жана которулбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берет.

29-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын жоопкерчилиги

Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу субъекттеринин алдындагы жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу органдын жоопкерчилиги

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган медициналык милдеттүү камсыздандырууга чогултулган каражаттар базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетине өз убагында жана толугу менен которулбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

301-статья. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчилиги

Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетине республикалык бюджеттен өз убагында эмес жана толук эмес каржылоо үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Тейлөөчүлөрдүн жоопкерчилиги

Медициналык, алдын алуу, фармацевтикалык, ден соолукту оңдоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын көлөмүнө жана шарттарына ылайык келбеген тейлөөсү үчүн тейлөөчүнүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана кели-

шимдин шарттары менен аныкталат.

(2003-жылдын 15-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V БӨЛҮМ  МЕДИЦИНАЛЫК ЫКТЫЯРДУУ КАМСЫЗДАНДЫРУУ

32-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу түшүнүгү

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу - бул Кыргыз Республикасында жарандардын ыктыярдуу катышуу принциптерине негизделген жарандарды социалдык жактан коргоонун формасы.

Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүү укугу берилет. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу жамааттык же жекече болушу мүмкүн.

33-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандырууну уюштуруу

Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык ыктыярдуу камсыздандырууну медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары жүзөгө ашырат. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары көз карандысыз, өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект болуп саналат.

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу фонддорунун каражаттары медициналык камсыздандыруу келишимдеринин чектеринде медициналык тейлөөлөрдү жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча башка тейлөөлөрдү каржылоого багытталат. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун пайдаланылбаган каражаттарынын кайтарылышы тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму камсыздоочулардын медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрүнүн түшүшүнө контролдук кылат, тейлөөчүлөр менен келишимдик мамилелердин чектеринде медициналык жана башка тейлөөлөрдүн сапатына контролдук кылат.

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму тейлөөчүнү эркин тандоого укуктуу.

34-статья. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу жүргүзүүгө болгон укук

Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу уюму "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген тартипте тиешелүү лицензия алгандан кийин ыктыярдуу медициналык камсыздандырууга жүргүзүүгө укуктуу.

(КР 2003-жылдын 21-апрелиндеги № 85, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

35-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу программалары

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу программалары медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары тарабынан иштелип чыгат жана аларда ден соолукту сактоого жана чыңдоого багытталган медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөлөр каралууга тийиш.

36-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруудагы медициналык жана алдын алуу боюнча тейлөө тарифтери

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруудагы медициналык жана алдын алуу боюнча тейлөөгө тарифтер камсыздандыруучу менен медициналык тейлөөчүлөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча белгиленет.

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү, ошондой эле төлөмдөрдү төлөө тартиби камсыздоочу менен медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмунун ортосундагы келишимдин шарттары менен аныкталат.

37-статья. Медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруунун камсыздандыруу төлөмдөрү катары түшкөн каражаттар медициналык ыктыярдуу камсыздандыруунун камсыздандыруу фондун түзөт. Бул фонддун тескөөчүсү болуп медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму саналат.

38-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруудагы тараптардын жоопкерчилиги

Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу тутумунда тараптардын жоопкерчилиги келишимдердин шарттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

VI БӨЛҮМ  КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

39-статья. Медициналык камсыздандыруу тутумундагы талаш-тартыштарды чечүү

Медициналык камсыздандыруу тутумундагы талаш-тартыштар тараптардын тынышуусу менен чечилет.

Эгерде тараптар тыныша албаса, анда талаш -тартыш сот тартибинде чечилет.

40-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын жоболорунун бузулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизиндеги жоопкерчиликке алып келет.

41-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

Ушул Мыйзамдын - 2000-жылдын 9-статьясынын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле турган, биринчи, үчүнчү жана алтынчы бөлүктөрүнөн жана 5-статьясынын 2001-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле турган экинчи бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарынан башкалары жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр:

- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" 1992-жылдын 3-июлундагы № 948-XII Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 3-июлундагы № 949-XII токтому;

- "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 26-сентябрындагы № 27-1 Мыйзамынын 1 бөлүмүнүн 5-пункту;

- "Кыргыз Республикасында граждандарды медициналык жактан камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 1, 13-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

А. Акаев

1999-жылы 21-сентябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган