Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № XVI-11
Ноокат шаарындагы борбордук базарга чектеш өткөн "Чечме-сай" каналынын үстүндөгү жеке атуулдардын пайдалануусундагы жайларды жана жолдордун, тратуарлардын четтерине Кбюлган бирдик салуучу ларектердун жер аянттарын убактылуу пайдаланууга ижарага бекитип берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын борборунан өткөн "Чечме-сай" каналынын базарга чектешкен бөлүгүнүн үстүндөгү жайларды жеке атуулдар ар түрдүү жылдарда чыгарылган мурдагы Эски-Ноокат айыл өкмөтүнүн, шаар башкаруусунун жана чектеш Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн токтомдору менен ээлеп, сайдын үстүнө дүкөндөрдү салып, көп жылдардан бери пайдаланышып келишет. Бул дүкөндөрдүн көпчүлүгү коммерциялык дүкөндөр болуп, ушул жылдар ичинде шаар башкаруусуна же болбосо башка бир мекемеге эч кандай ижара акы төлөбөстөн, пайдаланышат. "Чечме-Сай" каналынын астындагы жерлер суу астындагы жерлерге кирип, ал жерлердин пайдалануусун көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет, бирок жогорудагы сайдын үстүнө дүкөн курган бир да атуулга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн уруксат берилген эмес. Ошол эле мезгилде жогоруда айтылгандай, сайдын үстүлөрүн пайдалангандыгы үчүн бир сом төлөбөстөн пайдаланып келишет.
Ошондой эле, шаардын борбордук көчөлөрүнүн четтерине, арыктардын үстүлөрүнө жана жарым жартылай тратуарларга жеке атуулдар бирдик салуучу дүкөндөрдү уруксатсыз коюп алып, эч кандай ижара акы төлөбөстөн пайдаланып келишет. Жогорудагы жеке атуулдардан ижара акы өндүрүү менен шаар бюджетине кошумча киреше киргизүү максатында Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарындагы борбордук базарга чектеш өткөн "Чечме-сай" каналынын үстүндөгү жеке атуулдардын пайдалануусундагы жайлар жана жолдордун, тратуарлардын четтерине коюлган бирдик салуучу ларектердун астындагы жер аянттары кыска бир жылдык мөөнөткө ижара келишиминин негизинде убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Пайдалануучулар менен ижара келишимдерин түзүү Ноокат шаар башкаруусунун администрациясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |