Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № XVI-14
Ноокат шаарынын аймагында 2011-жылдын 13-январы күнү болуп өткөн окуяга байланыштуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагында 2011-жылдын 13-январында болгон өкүнүчтүү окуядан туура жыйынтык чыгарып, мындан ары мындай окуяларды болтурбоо жана алдын алуу боюнча жамааттарда түшүндүрүү иштерин туруктуу алып баруу жана жаштардын арасында ар тармактуу тарбия иштерин күчөтүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарындагы бардык көчө комитеттериндеги жамааттарда. мектептерде жана мечиттерде болгон окуяны талкуулап, туура жыйынтык чыгаруу боюнча чогулуштар өткөрүлсүн.
2. Чогулуштарды уюштуруу Ноокат шаар башкаруусунун аппарат кызматкерлерине, шаардык Кеңештин депутаттарына жана көчө комитеттеринин торагаларына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кеңешинин мыйзамдуулукту сакттоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, маданият, спорт, туризм, дин иштери, жаштар жана өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |