НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (II - шайланган) кезексиз XVII сессиясынын заседаниеси
2011-жылдын 31-марты № XVII-1
Ноокат шаар башкаруусунун башчысы Исмаилов Махаматаипти башка кызматка өткөндүгүнө байланыштүү өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жана Турдукулов Абдышбек Асановичти Ноокат шаар башкаруусунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалышына макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаар башкаруусунун башчысы М.Исмаиловдун башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөгү арызын карап чыгып, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын "Турдукулов Абдышбек Асановичти Ноокат шаар башкаруусунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучулугуна дайындоо" жөнүндөгү сунушунун жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" Мыйзамынын 41-беренесинин 9-пунктунун l-бөлүкчөсүнүн негизинде Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар башкаруусунун башчысы Исмаилов Махаматаип башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
Негиз: М.Исмаиловдун кызматтан бошотуу жөнүндөгү жазган арызы.
2. Турдукулов Абдышбек Асановичти Ноокат шаар башкаруусунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалышына макулдук берилсин.
Негиз: А.Турдукуловдун арызы, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын сунушу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө аламын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Н. Махбузов |