Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-апрели № XVIII-1
Ноокат шаар башкаруусунун муниципалдык менчигиндеги шаар борборунда жайгашкан Ооган согушунун жана Улуу Ата Мекендик согушунун ардагерлеринин эстеликтерине тиешелүү жер аянтын "Шындант" Ноокат райондук Афганистан согушундагы ветерандар союзу коомдук бирикмесинин пайдалануусуна бекитип берүү жөнүндө
"Шындант" Ноокат райондук Афганистан согушундагы ветерандар союзу коомдук бирикмесинин шаар башкаруусуна жазган арызын, Кыргыз Республикасынын Адилет Ишжлрлигинин Ош облустук Адилет башкармасы тарабынан берилген 2005-жылдын 18-апрелиндеги ГР №032287 сандуу юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндөгү Күбөлүгүн жана "Шындант" Ноокат райондук Афганистан согушундагы ветерандар союзу коомдук бирикмесинин Уставын карап чыгып жана талкуулап, Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 2011-жыддын 30-мартындагы №26 жана Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынын 2011-жылдын 7-апрелиндеги №37/11-корутундуларынын, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 7, 14 жана 32-беренесинин 4-пунктунун негизинде Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар башкаруусунун муниципалдык менчигиндеги шаар борборунда жайгашкан Ооган согушунун жана Улуу-Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эстеликтерине тиешелүү 1068,0 м. кв. жер аянты пайдаланууга, анын ичинен 70,0 м. кв. жер аянты Ооган согушунун катышуучуларынын тарыхий-маданий багыттагы музейин куруу үчүн "Шындант" Ноокат райондук Афганистан согушундагы ветерандар союзу коомдук бирикмесинин пайдалануусуна шаар башкаруусу менен түзүлгөн келишимге ылайык 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө акысыз бекитилип берилсин.
2. Бекитилип берилген жер аянтын өз максатында пайдалануу, эстеликтерди жыл сайын ремонттоо, айлана-чөйрөсүн таза сактоо жана шаар башкаруусу менен түзүлгөн келишимде белгиленген башка милдеттерди так аткаруу жагы Ноокат райондук Афганистан согушундагы ветерандар союзу коомдук бирикмесинин жетекчилигине жүктөлсүн.
3. Бекитилип берилген жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын мыйзамдын негизинде даярдап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Бекитилип берилген жер аянтына курулуучу музейдин архитектуралык иш-кагаздарын мыйзамдын негизинде даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарыльш көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясын тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Калдарова |