Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу № XX-1
Ноокат шаар башкаруусунун башчысы А.А.Турдукуловдун шаардын аймагында 2011-жылдын апрелинен июль айына чейин аткарылган иштер жана кийинки жарым жыл ичинде аткарыла турган иш пландар жөнүндө маалыматы
Ноокат шаар башкаруусунун башчысы А Турдукуловдун шаардын аймагында 2011-жылдын апрелинен июль айына чейин аткарылган иштер, жана кийинки жарым жыл ичинде аткарыла турган иш пландар жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар башкаруусунун башчысы А Турдукуловдун шаардын аймагында 2011-жылдын апрелинен июль айына чейин аткарылган иштери боюнча жетишкендиктери белгиленсин жана кийинки жарым жыл ичинде аткарыла турган иш пландар жөнүндө маалыматы эскеалынсын.
2. Ноокат шаар башкаруусунун Ноокат шаарынын аймагында 2011-жылда аткарыла турган иштерди ушул сессияда айтылган сын-пикир, сунуштарды аткаруу жагы Ноокат шаар башкаруусунун аппарат кызматкерлерине жана активдерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаар Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
Н. Махбузов |