Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу № XX-2
Ноокат шаардык башкаруусунун алдында түзүлгөн муниципалдык менчик башкармасынын ишин жандандыруу жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясын 2011-жылдын 6-июлундагы заседаниесинин №1 токтомун карап чыгып жана талкуулап, Ноокат шаардык башкаруусунун 2005-жылдын 3-мартындагы №4-буйругунун негизинде түзүлгөн Ноокат шаардык башкаруусунун алдындагы муниципалдык менчик башкармасынын ишин жандандыруу максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык башкаруусунун алдында түзүлгөн муниципалдык менчик башкармасынын иши чарбалык эсеп негизинде жандандырылсын.
2. Муниципалдык менчик башкармасынын башчысынын кызматына, муниципалдык менчик башкармасын түзүп, мурда иштеп келген Шукурбеков Абдималиктин талапкерлигине макулдук берилсин.
3. Муниципалдык менчик башкармасынын ишин Ноокат шаардык кеңешинин IV- сессиясынын (I-чакырылыш) 2005-жылдын 3-мартындагы № IV-2 токтому менен бекитилген Жобонун негизинде жүргүзүү муниципалдык менчик башкармасынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Муниципалдык менчик башкармасынын жаңыдан түзүлгөн штаттык тартиби жана 2011-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата чыгашалар сметасы бекитилсин.(№1, №2-тиркемелер тиркелет)
5. Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык менчик мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн түшкөн салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын 35%ы муниципалдык менчик башкармасынын ишмердигин алып барууга жумшалсын, ал эми калган 65%ы шаар башкаруусунун негизги эсебине ай сайын которулсун.
6. Ноокат шаар башкаруусунун алдындагы муниципалдык менчик башкармасынын финансалык иштери боюнча шаар башкаруусунун башкы эсепчисине ай сайын отчет берип туруу муниципалдык менчик башкармасынын эсепчисине милдеттендирилсин.
7. Ноокат шаар башкаруусунун алдындагы муниципалдык менчик башкармасы кайрадан ишин баштагандыгына байланыштүү, муниципалдык менчик башкармасынын эсебин кайрадан ачуу муниципалдык менчик башкармасынын башчысына милдеттендирилсин.
8. Ноокат шаарындагы муниципалдык мүлктөргө байланышкан кызматтар муниципалдык менчик башкармасына өткөрүлүп берилгендигине байланыштүү, Ноокат шаар башкаруусунун "жер боюнча адис" штаттык бирдигинин кызматы токтотулуп, бул штат башка багытта колдонулсун.
9. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана "Ноокат тацы" гезитине жарыялансын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ййраналар, экология жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Калдарова |