Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу № XX-3
Ноокат шаар башкаруусунун аймагындагы көчөлөрдү асфальттоо жана шаар башкаруусунун имаратын куруу үчүн Ноокат шаар башкаруусунун 2010-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдү оңдоо боюнча бир топ аракеттер болүп жатат Ар жылы көчөлөргө асфальт бастыруу шаардын тургундары тарабынан жакшы көнүл бурулуп, өз ара акча топтошуп, колунда бар ишкерлер демөөрчүлүк кылып, жардамдардарын берип жатышат. Бүгүнкү күндө Кара-Турпак айылынын жашоочулары тарабынан 3.4 млн сом акча каражаты жолго асфальт бастырууга топтолгонун, элдин колдоосун Ноокат шаардык кеңешинин депутапары да колдошот. Ошондуктан, элдин жолду ондойлу деген демилгесин турмушка ашыруу үчүн Ноокат шаар башкаруусунун 2010-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкен акча каражатынын эсебинен шагал төгүү, жолдорго асфальт бастыруу жана шаар башкаруусунун имарагын куруу максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын тургундарынын жолду ондойбуз деген демилгеси жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Ноокат шаар башкаруусунун 2010-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен шаар башкаруусунун имарагын куруу үчүн 4000,О миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Ноокат шаар башкаруусунун 2010-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен шаардын М. Эргешов, Кадирбоев, Хожам Кары, Алланазаров жана Беруний көчөллрүнө жалпысы бодуп узундугу 2400 метр өлчөмүндө шагыл жана асфальт бастырууга 3500,9миң сом . Кара-Турпак ГСВнын айлана-чейрөсүн тосуу үчүн 131,0 миң сом жана Хожам Кары көчесүндөгү көпүрөнү оңдоо үчүн 134,4 миң сом, жалпысы болуп 3766,2 миң сом. акча каражаты ЖКХ (субсидия) статьясына ажыратып, сметасы бекитилсин.
4. Ажырагылган 3766,3 миң сом акча каражаты Ноокат Коммунальщик" саражаты өз акционердик коомунун эсебине каторулуп берилсин, которулган aкча каражаты өз максатында натыйжалуу пайдалануу "Ноокат Коммунальщик" коомунун жетекчиси Б. Омурзаковго тапшырылсын
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалды Мамлекеттик Агентствосунун мыйзамдарына ылайык акча каражатын иштетүү жагы "Ноокат Коммунальщик" акционердик коомунун жетекчиси Б. Омурзаковго, башкы эсепчиси А. Эшиевге милдеттендирилсин.
6. Шаардын көчөлөрүн оңдоого ажыратылган 3766.3 миң сом акчаны "Ноокат Коммунальщик" акционердик коомунун эсебине которул Ноокат шаар башкаруусунун башкы эсепчиси А Токоевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр жай, курулуш, транспор, коммуникациякичи ишканалар экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын |
Н. Махбузов |