Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу № XX-5
Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдын, I жарым жылдыгында ашыкча түшкөн акча каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү жөнүндө
Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кошумча кирешелерди жана бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн сумманы пайдалануу тартиби боюнча Ноокат шаардык Кеңешинин 2011-жылдын I жарым жылдыгында ашыкча түшкөн акча каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө 1998-жылдын 11-июнундагы №78, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ноокат шаардык Кеңешинин 2011-жылдын I жарым жылдыгында ашыкча түшкөн акча каражаттын киреше жана чыгашысы 720.0 миң сом эсебинде бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ноокат шаардык Кеңешинин бюджетинин чыгаша бөлүгүн, 2011-жылдын жарым жылдыгында ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен күп кабатуу үйлөрдүн жылытуу стемасынан чыккан түтүндү тазалоочу 2 даана циклон үчүн 500.0 миң сом, эки МАИ кызматкеринин 2010-жылда калып кеткен эмгек акысы үчүн 120.0 миң.сом субсидия статьясынан, А. Абдуллаев орто мектебинин күч трансформатору күйүп кетекендигине байланыштуу аны ондоо үчүн 70,0 миң сом жана жаныдан ишке түшкөн муниципалдык менчик башкармасынын ишин жүргүзүү үчүн 30.0 миң сом, бардыгы болуп 720.0 миң сом чыгымдар үчүн каржылануу белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
Н. Махбузов |