Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-августу № XXI-1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 15-июлундагы №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 11-главасынын 65-беренсинин 5-пункутунун 1-абзацын жетекчиликке жана аткарууга алып, аны жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамына ылайык, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр киргизилгендигинин негизинде, Мыйзамдын 5-главасынын 43-беренсинин 2-пунктуна ылайык, шаар Мэри кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин фракциясынын жана Премьер-Министрдин укугу бар деп жазылган. Ушул мыйзамды жетекчиликке алып, депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын Мэрлигине шаар башчысынын милдетин аткаруучу Турдукулов Абдыш Асановичтин талапкерлиги сунуш кылынсын.
2. Ноокат шаардык мэриясынын Мэрлигине шаар башкаруусунун алдындагы муниципалдык менчик башкармасынын башкы адиси Боронбаев Сайпидин Абдыкааровичтин талапкерлиги сунуш кылынсын.
3. Ноокат шаардык кенешинын депутаттарынин фракциясынын тизмеси тиркелет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө аламын..
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
Н. Махбузов |