НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (II - шайланган) кезексиз XXI сессиясынын заседаниеси
2011-жылдын 4-августу № XXI-2
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин негизинде Ноокат шаардык кенешинин аймагындагы №392 -Барын, №398-Бостон, №399-Крупская , №452-Кара Турпак шайлоо участкаларынын комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексине ылайык, саясий партиялардан, коомдук бирикмелерден, эмгек коллективдеринен жана шайлоочулардын жашаган жери боюнча чогулуштардын протоколдорун карап чыгып депутаттардын Ноокат шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин негизинде №392 -Барын, №398-Бостон, №399-Крупская, №452-Кара-Турпак шайлоо участкаларынын комиссияларынын курамдары бекитилсин. (протоколдор тиркелет.)
2. Барын, Бостон, Крупская, Кара Турпак шайлоо участкаларынын комиссияларынын курамдарын бекитип берүү жагы аймактык шайлоо комисиясынан суралсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
Н. Махбузов |