Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-августу № XXII-3
Ноокат шаарынын "Солнышко" жана "Чебурашка" балдар бакчаларынын атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында 2011-жыл Курманжан Датканын 200, У.Салиеванын 100 жылдыгына карата шаар аймагындагы "Солнышко" балдар бакчасынын эмгек жамаатынын 2011-жылдын 12-августундагы №8 жана "Чебурашка" балдар бакчасынын эмгек жамаатынын 2011-жылдын 12-августундагы №9 протоколун канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар" аттуу №159 Мыйзамынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы "Солнышко" балдар бакчасынын эмгек жамаатынын 2011-жылдын 12-августундагы №8 протоколу канааттандырылсын жана "Солнышко" балдар бакчасына Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү тарыхый инсаны, мамлекеттик жана коомдук ишмер Уркия Салиеванын аты берилсин.
2. Ноокат шаарынын аймагындагы "Чебурашка" балдар бакчасынын эмгек жамаатынын 2011-жылдын 12-августундагы №9 протоколу канааттандырылсын жана "Чебурашка" балдар бакчасына Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү тарыхый писаны, мамлекеттик жана коомдук ишмер Курманжан Датканын аты берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
Н. Махбузов |