Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-августу № XXII-4
Ноокат шаарындагы М.Эргешов, Алланазаров, Хожам Кори, Т.Кадырбаев жана Беруний көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарындагы М.Эргешов, Алланазаров, Хожам Кори, Т.Кадырбаев жана Беруний көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн мурдагы ажыратылган акча каражаты жетпей калгандыгынын себебинен, асфальт бастырууга керектелүүчү материалдардын кымбаттаганына жана асфальт заводунун, асфальт төшөөчү ишкананын кызмат көрсөтүү акылары жогорулагандыгына байланыштуу кошумча акча каражатын ажыратып берүү максатында Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарындагы М. Эргешов, Алланазаров, Хожам Кори, Т. Кадырбаев жана Беруний көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн 2010-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн кирешенин, шаардык кеңештин 2011-жылдын 16-июлундагы №ХХ-3 токтомунда имарат үчүн каралган акча каражатынын эсебинен 2000,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылган акча каражаты ЖКХ субсидия статьясына ажыратылсын.
3. Ажыратылган акча каражаты Ноокаг Коммунальщик акционердик коомунун эсебине которулуп берилсин. Которулган акча каражатын өз максатында натыйжалуу пайдалануу акционердик коомдун жетекчиси Б.Омурзаковго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамыньи жана КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик Агентствосунун мыйзамдарына ылайык акча каржатын иштетүү жагы "Ноокат Коммунальщик" акционердик коомунун жеткчиси Б.Омурзаковго, башкы эспчиси А.Эшиевге милдеттендирилсин.
5. Ажыратылган акча каражатын Ноокат Коммунальщик акционердик коомунун эсебине которуу Ноокат шаар мэриясынын башкы эсепчиси А.Токоевге тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу ксмиссиясына жүктөлсүн.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
Н. Махбузов |