Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-августу № XXII-5
Ноокат шаардык кенешинин 2011-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен МАИ кызматкерлерине акча ажыратып берүү жөнүндө
Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кошумча кирешелердин жана бюджеттин аткаруу процессинде жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн сумманы пайдалануу тартиби боюнча, Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жьш ичинде ашыкча түшкөн каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө 1998-жылдын 11-июнундагы №78, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жыл ичинде ашыкча түшкөн каражатынын кирешеси жана чыгашасы 155,0 миң сом эсебинде бекитилсин.
2. Ноокат шаардык кенешинин бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2011-жыл ичинде ашыкча түшкөн кирешесинин эсебинен эки МАИ кызматкеринин 2011-жылда калып кеткен эмгек акысы үчүн 155,0 миң сом акча каражаты субсидия статьясына ажыратылып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
Н. Махбузов |