Загрузка документа…
ТƟƟЛƟС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры № 24-1
Тɵɵлɵс айылдык округунун аймагындагы Меркит айылынын Карагечит бɵлүмүнүн тургундарынын 2010-жылдын 17-октябрындагы жаңыдан пайдаланууга берилип жаткан мектепке Бүткүл дүйнɵлүк жаштар ассамблеясынын Президенти Саид Баюминин ысымын ыйгаруу боюнча протоколун бекитүү жɵнүндɵ
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тɵɵлɵс айылдык округунун аймагындагы Меркит айылынын Карагечит бөлүмүнүн тургундарынын 2010-жылдын 17-октябрындагы жаңыдан пайдаланууга берилип жаткан мектепке Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Президенти Саид Баюминин ысымын ыйгаруу боюнча протоколу бекитилсин.
2.Тɵɵлɵс айылдык округунун аймагындагы Меркит айылынын Карагечит бөлүмүндөгү Мектептин курулуш иштерине 3000000 сом жана мектеп эмеректерине 250000 сом мындан сырткары Төɵлөс айылдык округунун аймагына 8 суу насосу, ошондой эле 100гө жакын суу чыгаруучу качалка орнотууда жардам кɵрсɵткөндүгү үчүн Меркит айылынын Карагечит бөлүмүнүн тургундарынын 2010-жылдын 17-октябрындагы протоколунун негизинде Карагечит бɵлүмүндө жаңыдан пайдаланууга берилип жаткан мектепке Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Президенти Саид Баюминин ысымы берилсин.
3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңешинин «Социалдык, маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тɵɵлɵс айылдык округунун айылдык кеңешинин тɵрагасы |
А. Эргешов |