Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 25-1
Уркуя Салиеванын 100 жылдык маарекесин ɵткɵрүү күндɵрү Тɵɵлɵс айылдык округунун аймагындагы дукɵндөрдө спирттик ичимдиктерди сатууга тыюуу салуу жөнүндө
Уркуя Салиеванын 100 жылдык маарекесин өткөрүү күндөрү коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукту болтурбоо, маарекени татыктуу тосуу максатында
Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төɵлɵс айылдык округунун аймагындагы баардык дүкөндөр 14-15-октябрь күндөрү спирттик ичимдиктерди сатууга тыюуу салынсын.
2.Спирттик ичимдиктерди саткан жана мас абалда жүргөн, коомдук тарипти бузган атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонулсун.
3.Төөлөс айылдык округунун аймагындагы спортсмен жигиттер менен биргеликте элдик коошун түзүлсүн.
4.Тɵөлөс айылдык округунун аймагындагы баардык дүкɵндɵр 14-15-октябрь күндөрү спирттик ичимдиктерди сатуунун, мас абалда жүрүүнүн жана коомдук тартипти бузуулардын алдын алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү участкалык инспекторлор Абдиваситов Анарбек, Жолдошов Сапар, Имаров Асылбектерге жүктөлсүн.
5.Төөлɵс айылдык округунун аймагындагы спортсмен жигиттер менен биргеликте элдик кошуун түзүү жагы айылдык округунун спорт жана жаштар комитетинин төрагасы Балтабаев Даминга жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык округунун
айылдык кеңешинин тɵрагасы | А. Эргешов |