Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-декабры №26/1
Төөлөс айылдык округунун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө
Кыргыз Реслубликасынын «Токой» кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 25-августундагы №01-13/223-буйругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы №960-6 буйругуна жана Ноокат райлондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 29-октябрындагы №286-6 буйругуна ылайык айылдык округдун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын отун продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын отургузуу демилгесин колдоо максатында Төөлɵс айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төөлөс айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек, кара тал көчөттөрүн жол боюна, арык, там арык жээктерине жана плантация тибинде отургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Төөлөс айыл округдун тийиштүү иш- чара пландары бекитилсин.
2.Төөлөс айылдык округдун калкынын бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияларга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында отургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү (саны) тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Тɵɵлɵс айыл округунун башчысы А. Баймурзаевага, айыл башчыларына жана токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айылдык округдун Кеңешинин экология, жаратылыш pecурстары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Ушул токтомду бекитип берүү жагы, депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Тɵɵлɵс айылдык округдук кеңешинин тɵрагасы |
А. Эргешов |