Загрузка документа…
ТƟƟЛƟС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-декабры № 26-2
Төөлөс айылдык округунун аймагындагы административдик аймактык жана аймактык обьектилерди белгилөө системасынын мамлекеттик классификаторуна кирбей калган айылдарды тактоо жөнүндө
Төөлөс айылдык округунун аймагындагы административдик аймактык жана аймактык обьектилерди белгилɵө системасынын мамлекеттик классификаторуна кирбей калган айылдарды тактоо максатында Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төөлөс айылдык округунун аймагындагы административдик аймактык жана аймактык обьектилерди белгилөө системасынын мамлекеттик. классификаторуна кирбей калган Жабылы, Карагечит, Гараж (Кыркоол), Миң булак, Торутай, Молдо Тойчу, Амбаркол (Эргеш Ата), айылдарын мамлекеттик классификаторуна киргизүүгө уруксат берилсин.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райоңдук кеңешинен суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмɵл кылуу жагы Айылдык кеңешинин «айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо транспорт, курулуш, ɵнɵр жай, кайра иштетүү энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тɵөлөс айылдык округунун-
айылдык Кеңештин торагасы: | А. Эргешов |