Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры № 23-7
Төөлөс айылдык округунун аймагындагы «Салиева Уркуя эже» айыл чарба ɵндүрүштүк кооперативинин 2011-жылдын 5-сентябырындагы билдирүүсүн кapoo жɵнүндɵ
Төөлөс айылдык округунун аймагындагы «Салиева Уркуя эже» айыл чарба өндүрүштүк кооперативи 2011-жылга Суу коробос участкасына 30,4га жерге буудай себилген. Бирок сугат суунун жоктугунан, аба ырайынын кургакчыл болгондугуна байланыштуу аталган аянттагы буудай аянтында түшүм алууга болбой калды. Бул тууралуу 2011-жылдын 30-майда атайын комиссия тарабынан тиешелүү акт түзүлгɵн. Ошондуктан жогоруда көрсөтүлгөн 30,4га жер аянтын түшүмдүүлүк балансынын чыгаруу үчүн тиешелүү чечим кабыл алып берүүңүздөрдү суранабыз.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төелөс айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төөлөс айылдык округунун аймагындагы «Салиева Уркуя эже» айыл чарба өндүрүштүк кооперативи 2011-жылга Суу коробос участкасына 30,4га жерге буудай себилип жер аянты түшүмдүүлүк балансынан чыгарылсын. (Акт тиркелет)
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңешинин «Айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнɵр жай кайра иштетүү энергетика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тɵɵлɵс айылдык округунун айылдык кеңешинин тɵрагасы |
А. Эргешов |