Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № XVII-1
Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин аймагындагы мектеп тердин, балдар бакчалар-дын, 2011-2012-окуу жылына жана социалдык обьектилердин кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы мектептердин, балдар бакчалардын 2011-2012-жаңы окуу жылына жана социалдык обьектилердин кышка карата даярдыгы, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштер белгиленсин.
2. Мектептердеги окуу тарбиялык иштердин сапатын жакшыртуу, ата-энелер комитеттеринин иштерин активдештирүү. предметтер боюнча тереңдетип окутуу, ар бир окуучуну китептер менен камсыз кьшууга жетишүү, мугалимдердин билимдерин жогорулатуу мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Айылдык округдагы социалдык обьектилердин 2011-2012-жылындагы кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү, электромонтаж иштерин толук текшерип чыгуу клубдардын башчыларына жана айылдык округдун электриги М.Ураимовдорго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин туруктуу комиссиясына жана айылдык округдун социалдык сектор башчысы Ш. Аттокуровага тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Таиров |