Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № XVII-3
Кыргыз-Ата айылдык округунун 2011 -жылдын 6 айында аткарылган иштери жөнүндө айыл округунун башчысынын орун басары Асанов Маматкулунун отчету боюнча
Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун 2011-жылдын 6 айында аткарылган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кыргыз-Ата айылдык округунун 2011-жылга түзүлгөн иш-пландын негизинде иш алый баруу айыл округ башчысы А.Маликовго жана аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Айылдык округдун бюджетин толтуруу боюнча кайра бөлүштүрүү фонд жерлердин келишимин түзүп, келишимдин негизинде ижара акыларын төктүрүү айыл округ башчысынын орун басары М.Асановго, ФЭБ башчысы Б.Аматовага жана айыл башчыларына тапшырылсын.
4. Жыл жыйынтыгы боюнча айыл округ башчысы, адистер, тейлөө кызматкерлери менен эл арасында отчет берип туруу айыл округ башчысы А.Маликовдон жана айыл башчыларынан талап кылынсын.
5. Ушул токтомдуи аткарылышын көзөмөлдөө айыл округдук Кенешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кыргыз-Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Таиров |