Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11 августу № IV-II
Калыев Кадырдын арызы жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл округуна караштуу Жаңы-Базар айылында жашаган Калыев Кадырдын өзүнүн жеке менчик камаз автомашинасын 2010-жылда Ош шаарында болгон коогалаңда машина токтоочу жайда турган жеринен белгисиз адамдар өрттөп жиберишкен. Азыркы мезгилде чоң зыян тарткандыгын билдирип, автомашинаны салыктан жана жер кыймылсыз мүлк салыктарынан бошотуу үчүн айыл округунун кеңешинин депутаттарына арыз менен кайрылган. Ошол арызды канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн №57 18.02.2011-жылдагы токтомунун негизинде айыл округунун кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атьндагы айыл округунун Кеңешинин Жаңы-Базар айылынын тургуну Калыев Кадырдын арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин мыйзамдарына ылайык 31-декабрь 2012-жылга чейин жер салыгы жана кыймылсыз мүлк салыктарынан бошотулсун.
2. Токтом Ноокат райондук салык жыйноо бөлүмүнүн башкармалыгына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу жагы айыл округунун башчысьшын орун басары А.Юлдашовго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл округунун Кеңешинин төрагасы |
Р.Карыпбеков
|