Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 05 декабрь № V-I
Көмүр кенин изилдөө жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атьндагы айылдык округунун Кеңешинин Кичик-Алай айылына караштуу Кичи-Кумтөр көмүр кенин изилдөөгө жеке ишкер Агзамов Эгембердиге макулдук берилсин.Ошондой эле ОсОО "Насипташка" Кичик-Алай айылындагы Зак Кашка-суу жайытындагы көмүр кенин изилдөөгө макулдук берилсин.
2. Көмүр кенин изилдөө үчүн берилген жеке ишкер Агзамов Эгенбердиге жана ОсОО "Насипташ" ишканасынын жетекчиси 2012-жылдын июнь айында көмүр кенине изилдөө мезгилинде канча жылга чейинки запас көмүр бар экендигин аныктап, андан кийин канча өлчөмүндө айыл округуна киреше киргизүү документтерин толугу менен көрсөтүлсүн.
З. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл чарбасы, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана жаратылышты коргоо, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл округунун Кеңешинин төрагасы |
Р.Карыпбеков
|