Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 05 декабрындагы № V-V
Каада салттар боюнча
Н.Исанов атындагы айыл округунун Кеңешинин аймагындагы жайгашкан айылдардагы элдерди ашыкча ысырапкерчилик жана каада-салттарды кыскартуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп иш алып баруу максатында айыл Кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жашаган айылдардагы элдерге каада-салттарды жана ашыкча ысырапкерчиликти жоюу боюнча айыл Кеңешинин депутаттары жана айыл башчылар, мечит имамдары аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын маданият, медицина, билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл округунун Кеңешинин төрагасы |
Р.Карыпбеков
|