Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 4-февралы №77/ХУ1-25
Талаачылык түшүмүн тебелеткен мал ээлерине жана кечкисин спирт ичимдиктерин саткан дүкөн ээлерине айып пул салуу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында дыйкан чарбаларынын талаачылык түшүмдөрүн тебелеткен мал ээлерине жана кечкисин спирт ичимдиктерин саткан дүкөн ээлерине жаза айыбын салуу жөнүндө маселени карап чыгып Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Дыйкан чарбаларынын талаачылык түшүмүн тебелеткен жана талаага мал жайган мал ээлерине төмөндөгүдөй айып пулу салынсын:
-уй баласынын башына-1 ООО сом
-жылкы баласынын башына-1000 сом
-кой баласынын башына- 200 сом
2.Кечкисин спирт ичимдиктерин саткандарга төмөндөгүдөй айып пулу салынсын:
-1-жолу -ЮООсом
-2-жолу- 3000 сом
3.Жылдын 1-февралынан 1-октябрына чейин малдарды талаачылык түшүмдөрү эгилген жерлерге кайтарууга тыюу салынсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисине тапшырылсын.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Сагынбекова |