Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 -жылдын 31 -марты №79/ХУ11-25
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2011 -жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
2010-жылдагы Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана 2011 -жылга карата бюджетти бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы С.Көчөралиеванын маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маалымдамасы эске алынсын жана 2011 -жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 6936,7 сомго жана чыгаша булагы 6936,7сомго,атайын каражаттар боюнча 55миң сомго бекитилсин.
2. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлери /Далбаева К,Көчөралиева, Н.Самарбекова С,Жолбунова Д, Егембердиева ГУ.
-айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн салыктын, салык эмес төлөмдөрдүн жана мурунку жылдардан калган карыздардын негизинде 100% дан ашык аткаруу милдеттендирилсин.
-бюджеттин аткарылышы боюнча квартал сайын айылдык кеңештин сессиясында маалымдама берилип турсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нурманбет айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж. Сагынбекова |