Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 -жылдын 31 -марты №83/ХУ 11-25
Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк Кз коэффициентин аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 02.10.2008ж. Салык Кодексинин 339 беренесинин 4п.ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндөгү 327 беренени аткаруу максатында Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында 2011 -жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жана юридикалык жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенти К- 1 өлчөмдө аныкталсын
2. Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук
актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин
-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз
кылынсын
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Сагынбекова |