Загрузка документа…
Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы № 24/IV токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-июну №87/ХУ111-25
Турак үй курууга берилүүчү жер тилкесинин көлөмүн бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында айыл өкмөтүнүн аймагында турак үй куруу үчүн бөлүнүп берилүүчү жер тилкесинин көлөмүн караштыруу боюнча маселени карап чыгып жана КР Жер Кодексинин 13 беренесине ылайык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн карамагына кирген А.Токтоналиев,Нурманбет жана Первомай айылдарында турак үй куруу үчүн жарандарга берилүүчү жер тилкелеринин көлөмү 0,15 га ченеминде бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кецешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Сагынбекова |