Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-июну № 89/ХУ111-25
А.Токтоналиев айылынын аймагынан таштарды ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында А.Токтоналиев айылынын аймагынан курулуш иштерине керектеле турган чоң таштарды башка жактын жарандары оор жүк ташуучу автоунаа менен мыйзамсыз ташып чыгып жаткандыгына бөгөт коюу максатта Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Токтоналиев айылындагы чоң таштарын башка айылдын жарандарынын автоунаа менен алып чыгуусуна тыюу салынсын.
2. А.Токтоналиев айылынын айыл башчысы Б.Осмонбеков,милициянын аймактык тескөөчүсү А.Смаиловго:
- Таш ташыган автоунааларды кармоо үчүн коомчулуктун мүчөлөрүнөн жана айылдык кенешинин депутаттарынан турган нөөмөт тобун уюштурушсун.
3. Кармалган жарандарга 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенешинин жер маселеси боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Сагынбекова |