Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-апрели №-20-7
Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 29-мартындагы КО-34Ү211-АД чечиминин негизинде кайтарылган жер участогун Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун балансасына алуу жөнүндө
Айылдык кеңештин сессиясы бул маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 29-март 2011-жылдагы чечимине негиз Т.Зулпуев айылдык округунун "Баарын" бөлүмүндөгү 4 га жер аянты айыл округунун балансасына алынсын.
2. Айыл округунун балансасына алынган жер айыл округундагы турак-жай маселесин чечүү максатында атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусуна негиз такталган, тизмеге ылайык зарылдыгына жараша атуулдарга тамарка үчүн берилсин.
3. Айыл округ башчысына (М.Нарбаев) корутунду менен такталган тизмеге ылайык үй салуучу атуулдарга юридикалык иш кагаздарын(генералдык план жана токтом) даярдап берүү милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.3улпуев айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |