Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-апрели №-21-1
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун 2010-жылдын бюджетинин аткарылышын жана 2011-жылга айылдык округдун бюджетин бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарьшышы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджета" жөнүндөгү мыйзамынын негизинде бюджеттин долбоору иштелип чыгып, тийиштүү мектептердин директорлору, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депуттары, маданият кызматкерлери менен талкуулап бюджет боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинде карап, өзгөрүүлөрдүн жана сунуштарын эске алуу менен Т.Зулпуев атындагы айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округунун жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдарынын финансылык-экономикалык негиздерин чындоо үчүн 2011-жылга кирешелери 3407,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү максаттуу жана толуктоочу гранттарга каралган суммаларды толугу менен кошо эсептегенде 19326,2 миң сомго №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык округдун бюджетинин чыгаша бөлүгү 2011-жьшга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц фонд, тамак -аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
2. 2011 -жылга карата Т. Зулпуев атындагы айылдык округунун кызматкерлеринин 32 штаттык бирдиги жана эмгек акыларынын суммасы 1880,1 жана 324,3 миң сомго бекитилсин. (тизме тиркелет)
3. Айылдык округунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын финансылык-экономикалык негиздерин чындоо үчүн 2011-жылга кирешелери340,8миң сомго, чыгаша бөлүгү максаттуу жана толуктоочу гранттар каралган суммаларды толугу менен кошо эсептелгенде 19326,2 мин сомго №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык округдун бюджетинин чыгаша бөлүгү 2011-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы соц фонд, тамак -аш жана коммунальдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Айылдык округдун 2011-жылдагы киреше бөлүгү 25082,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү максаттуу жана теңдөөчү гранттарды кошо эсептегенде 24925,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.3улпуев айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |